// //

Наристенин жашоосунда атанын орду кандай? Психологдор айтып беришет

2019.10.23, 12:27
3717

Атактуу педиатр Евгений Комаровскийдин пикири боюнча Орто Азиялык эркектер иштеп акча табууну башкы милдети катары кабыл алышат. Өздөрүн балдарга тиешеси жоктой алып жүрүшөт. Бирок балдар аталардын тарбиясына муктаж (бул тууралуу Kaktus.media сайтынан окусаңыз болот).

Азыркы күндө атанын ролу баланын калыптануусунда канчалык? - деген суроо менен Bilesinbi.kg психологдорго кайрылды.

Ата менен баланын биринчи жолугушуусу

Психолог Мария Самсонованын айтымында, атанын баланын жашоосуна катышуусу энеси кош бойлуу болгон кезде эле башталат. Ал болочок эненин ичин сылап, баланын кыймылын сезе алат. Курсактагы бала энесинин жана атасынын үндөрүн айырмайт. Ата-эне бала үчүн дүйнөдөгү эң жакын жана тааныш кишилер.

Бирок көпчүлук аталар, баласын биринчи жолу көргөндө колго алгандан коркуп, ыйлаак, пайдасы жок жана кызыксыз буюм катары кабыл алышат. Аны менен жалгыз калуудан чоочулашат. Бир аз ыйласа эле энесине түртө салышат.

Аталар колдоого муктаж

Мындай жүрүм турум түшүнүктүү. Анткени аялдарда энелик инстинкт табиятынан бар болот. Ал эми эркектер аны өздөрү иштеп чыгышат.

Аталык инстинкти ойготуу үчүн жаш ата баланы көбүрөөк көтөрүп, жыттап, наристенин көзүн карап, жумшак сүйлөшүп, ойнотуп, эркелетип турушу керек. Мындай учурда энелер колдоо гана көрсөтүүсү кажет.  

Аталар балдарды мыкты жуунтушат. Себеби эне аны милдет катары кабыл алат. Ал эми аталар баланын сууга түшүшүн кызыктуу оюнга айландырышат. Сыртка чыгып сейилдөөдө да ушундай.

Апаларга кеңеш: аталар баланы алганда оңтойсуз кармап турса да, колунан жулуп, ачуулануунун кереги жок. Себеби бала менен атанын ортосундагы эмоционалдык байланыштын пайда болуусуна жолтоо кыласыз.

Аталарга кеңеш: жөн гана үйдө болгон жетишсиз, баланын жеке жашоосуна активдүү катышыңыз. Бул бала менен 24 саат бою кучакташып отуруу дегендик эмес. Күнүнө эки саат убакыт бөлсөңүз да, ошол убакытты толугу менен балага арнаңыз.

Психолог Ильдар Акбутиндин пикири боюнча коомдо аталар үй-бүлөдөн сырткары жүрчү адам катары кабыл алынат. Ооба, илгери эркектер күндөп-түндөп аңчылыкка чыгып, жер иштетип, же бир нече жылга согушка кетишчү. Балдар атасын дээрлик көрүшчү эмес.

Бирок ал заман эбак артта калган. Бүгүнкү күндө баланын жашоосунда ата менен эненин орду бирдей.

Энелер эмоционалдык жактан түгөнөт

Ошондо аталар жардамга келет. Тынымсыз баланын жанында болуп, анын керектөөлөрүн канаатандырган эне эмоционалдык жактан түгөнүп калат (эмоциональное выгорание). Кайра калыбына келүү үчүн маал-маалы менен тыным алып, сыртка чыгып сейилдеп келүүсүнө шарт түзүп берүү зарыл.

Ошондой эле экөө ар дайым бирге болгондуктан бала эненин “болот” жана “болбойт” деген сөздөрүн кабыл албай калат. Себеби ал апасын өзүнүн бир бөлүгү, ага ар дайым кам коро турган, керектөолөрүн камсыздаган киши катары кабыл алат.

Мындайда ата ортодогу объективдүу, адилеттүү калыс киши катарында болот. Энесинин көп ирет айтылган сөзүн укпаган бала, атанын сөзүн башкача кабыл алат.

Мыкты атанын образы

Эсиңерде болсун, кичинекей балдардын эсинде кулагы менен укканы эмес көзү менен көргөнү түбөлүккө сакталып калат. Атасы калтырган образ, бала кезинде көргөн үй-бүлөнүн модели өмүр бою аны коштойт.

Өзүнө ишенимдүү жана кайраттуу атасын көргөн уул келечекте так ушундай үй-бүлөө курууга умтулат. Ал эми кыз атасына окшош мырзаны тандап, ага баш кошот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт