Алиментке 79 000 сом карызмын. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! 2018-жылдан бери алимент төлөп келем. Бир тууган эжем бар, ата-энем жок. Турмуш шартым аябай оор, батирде турам, туруктуу жумушум жок. Айына эки балага 6600 сом төлөйм. Алимент төлөгөнгө эч мүмкүнчүлүгүм болбой калды. Эмгек акым жашаган жеримен жана тамак-ашыман артпайт. Алименттин карызы 59 000 сом болду, кечиктиргеним үчүн үстүнө 20 000 сом айып пул кошулду. Кайда барбайын жетимдин сөзүн эч ким укпайт экен. Эмне кылсам болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө жөнүндөгү Кодекстинин 119-беренесинде «Алимент төлөбөө - бул адамдын ооруп калышына жана топтолгон алименттердин карызын жандырууга мүмкүндүк бербеген дагы башка далилдүү себептерден улам болгонун сот аныктаса, алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын доосу боюнча аны карызды төлөөдөн толугу менен же жарым-жартылай бошотууга укуктуу» деп көрсөтүлгөн.
Демек, сиз сотко доо арыз менен кайрылууңуз керек болот. Эгер маселени мурдагы жубайыңыз менен келишип чечүүгө мүмкүн болбосо. Ошондой эле балдарыңыз да канчалык деңгээлде материалдык жактан колдоого муктаж экенин эске алыңыз.
Биз эркектер көбүнчө ажырашуудан кийин балдарды апаларына таштап кетебиз. Балдарыбыз бар экенин алиментке бергенден кийин эстейбиз. Сиз жалгыз өзүңүздү багууга кыйналып жатыпсыз, эки баланы жалгыз багып жаткан эне кандай абалда болду экен. Эмнегедир бул боюнча сурооңузда жазбапсыз.
Чон эле эр азамат жетиммин деп жазса уят го, анан да ата-энен болсо эмне алар толомок беле? Сенин милдетин алиментти толоо, жалкоолонбой иш издеп иштеш керек.