// //

УЗИге түшсөм миома бар экен, боюма бүтөбү? Гинеколог жооп берет

2019.10.15, 12:49
1294

Саламатсызбы. УЗИге түшсөм, “женский” жагымда миома бар экен. Азырынча өтө кичине деди. Андан бери эки жолу боюман түшүп калды. Ошондон болушу мүмкүнбү?

Анализ тапшырсам бардыгы жакшы чыкты. Бирок боюма болбой жатат. Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.10.2019, 12:50

Раушан Джумагулова

“Эркай” клиникасынын адиси, акушер-гинеколог

Саламатчылык. Ооба, айрым учурларда миома бойдон түшүүгө же бойго бүтпөй калууга себепкер болушу мүмкүн.

Миоматоздук түйүндөр өсүп, жатындын жыйрылышын начарлатат, бул эрте төрөткө же бойдон түшүп калууга себепкер болот.  

Андан тышкары миома тукумсуздукка да себепкер. Көлөмү өтө чоң болгондо жатындын ичин деформация кылып салат.

Башка учурларда миома - бойго бүтүрүүгө, кош бойлуулукка жана төрөткө эч кандай таасири тийбейт.

Миома өзү толугу менен дарыланбайт. Бардык дарылоо убактылуу эффект гана берет.

Эгер сиздеги миоманын көлөмү кичинекей болсо, демек бойго бүтүүнүн эмес, эмне үчүн бойдон түшүп калганын аныктап, себебин билүү керек.

Миома – бул гормондон көз каранды шишик.

Бул жерден окусаңыз болот:

Миома деген эмне? Анын себептери, белгилери жана дарылоо жолдору

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт