// //

Миома деген эмне? Анын себептери, белгилери жана дарылоо жолдору

2019.04.11, 09:48
17790

Миома шишиктин (опухоль) бир түрү экенин уккан айымдардын көпчүлүгүндө коркуу сезими пайда болот. Ал эмне деген шишик? Белгилери кандай? Дарыланбай койсо эмне болот? - деген суроолорго жоопту Bilesinbi.kg  акушер-гинеколог Раушан Джумагуловадан алды.

Миома деген эмне?

Миома - бул булчуң тканынан пайда болгон залалсыз шишик (доброкачественная опухоль). Жатындын миомасы 25-45 жаш курактагы аялдардын 20-30%да кездешет.

Көпчүлүк учурда бир эле эмес бир нече миома болушу мүмкүн жана алардын көлөмү ар кандай келет. Айрымдары кенедей болсо, кээ бирлери чоңоюуп курсак көңдөйүн толугу менен ээлейт. Алгач миома кичинекей түйүнчө (узел) катары пайда болот. Узак убакытка чейин көлөмүн сактап турат, же болбосо акырындык менен кээде тез эле өсүп кетет.

Миоманын себептери

Оорунун башкы себебинин бири – гормоналдык өзгөрүү. Башкача айтканда организмдеги аялдык жыныстык гормондордун ашыкча болушу. Миомага жаш кыздар жана климакс курагындагы аялдар чалдыгышпайт.

Ошондой эле төмөнкү учурларда пайда болот:

  • тукум кууйт (эгер бул оору менен апаңыз, же эже-сиңдилериңиз ооруган болсо);
  • менструалдык цикл туруктуу эмес болсо;
  • тукумсуз болсо же боюна көтөрө албаса;
  • зат алмашуусу бузулганда (ашыкча салмак, кант оорусу);
  • бир нече жолу аборт жасатканда;
  • стресске чалдыкканда.

Миоманын белгилери

Көпчүлүк учурда миома пайда болгондон кийин деле эч кандай белгилер байкалбайт. Аны УЗИден гана так аныктоо мүмкүн. Бирок төмөнкү симптомдорду байкасаңыз дароо гинекологго кайрылыңыз:

  • этек кири келген учурда ашыкча көп кан кетсе;
  • цикл бузулса;
  • ичтин төмөн жагы же бел ооруса.

Миоманын бар экенин билбей бир нече жыл жүрө бергендер болот. Ошенткен күндө да оору ыңгайсыздыктарды жаратат. Дарыланбай жүрө бергенде төмөнкү кесепеттерге алып келет:

  • айыз учурундагы кандын көп кетиши анемияга алып келет;
  • шишик өтө чоң болгондо жанындагы органдарды кысып, заара кылган учурда же заңдаганда кыйынчылык жаратат;
  • миома учурунда бойго бүтпөйт, бойго бүтсө бала түшүп кала берет, же төрөт абдан оор болот;
  • Миоманын “бутчасы” айланып калганда шишик соолуп, сезгенип андан кийин жарылат. Мындай болгондо көп кан кетип, ич ооруп, дене табы кескин көтөрүлөт.

Миоманы аныктоо жана дарылоо

Миоманы убагында аныктоо үчүн жылына бир жолу гинекологго кайрылып, текшерүүдөн өтүп туруу керек. Кесипкөй гинеколог шишикти бейтаптын ичин кармап көрүп аныктай алат, бирок так диагноз коюу үчүн бары бир УЗИге түшүүгө жөнөтөт.

Бул дартты дарылоо ар бир бейтап үчүн индивидуалдуу жүргүзүлөт. Себеби доктур анын көлөмүнө, санына, жатындагы жайгашуусуна, аялдын жаш курагына, мындан кийин дагы төрөйбү же жокпу, деген сыяктуу көптөгөн факторлорго таянат.

Дарылоо медикаментоздук (дарылар менен) же хирургиялык (операция жолу менен) болушу мүмкүн. Дары-дармек менен миоманы жок кылуу мүмкун эмес. Ал болгону шишиктин өсүшүн убактылуу токтотот же жайлатат. Хирургиялык дарылоодо миоманын көлөмү өтө чоң болуп кетсе, жатын толугу менен алынып салынат. Бул операциядан кийин аял төрөй албайт калат.

Азыркы күндө Кыргызстанда жасалып жаткан процедуралардын бири – бул жатын артерияларынын эмболизациясы (ЭМА). ЭМА жасатканда кан тамыр хирургу (сосудистый хирург) атайын препараттын жардамы менен жатындын артериясына ичке түтүкчө аркылуу кирип кан агымын токтотот. Препарат камтыган майда шарчалар (эмболалар) миоманы азыктандырып турган кан тамырларын кысат. Натыйжада миома соолуйт. Бир нече жумада тутумдаштыруучу ткань алмашат. Ошондон кийин түйүнчөлөр кескин кичирейип же толугу менен жоголот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт