Күйөөмдөн жылуулукту күтөм. Ага баарбир сыяктуу. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Турмушка чыкканыма 5 жыл болду. Ортобузда 2 бала бар. Менин көйгөйүм, үйлөнгөндөн бери күйөөм бир да жолу эркелетип, сүйөм деп айткан эмес.
Мен, аялмын го, жылуу сөз уккум келет. Жада калса төшөк маселеси нормалдуу эмес. Акчаны да ойдогудай таппайт. Кийим алып берчи десем болбойт же болбосо арзанын сатып берет.
Бетине айтсам, унчукпай кутулат. Башка бирөө менен сүйлөшүп жүрөбү десем, андай нерсеси деле жок окшойт.
Эмне кылышымды билбейм. Кеңешиңизди күтөм.
Виктория Исакова
Психолог
Саламатчылык!
Албетте, ар бир аял жылуу сөз жылуу мамилени күтөт. Бирок ушундай эле мамилени эркектер да күтүшөт.
Күйөөңүз менен сүйлөшүп көрүңүз. Балким экөөңөрдүн сүйүүсүн билдирүү ыкмасы ар башка. Сизди өмүрлүк жар кылып алганы, экөөңөрдүн балалуу болгонуңардын өзү балким сүйөм, деп айтканы?
Күйөөңүздөн анын каалоо тилектерин сураңыз, келечекке кандай пландары бар кызыгып көрүңүз. Өзүңүздүн ойлоруңуз менен бөлүшүңүз.
Башкысы сүйлөшүү, пикири алышуу. Ичиңизден жинденип, ачуулана бербей билдириңиз. Силер ар башка адамсыңар, ар башка инсансыңар. Бири-бириңерди кайрадан таанып, изилдегиле. Бирок, чынчыл болгула.
Акырындык менен нааразычылык кетет, ортодо сый, камкордук пайда болот.