Суу каналдын жанына үй салсам болобу?
Чоң каналдын жанына үй салайын дегем. Каналга канча метр аралыкта салсак болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 10-беренесинде негизинде жерлер жети түрдөгү категорияларга бөлүнөт.
Тактап айтканда:
1) айыл чарба багытындагы жерлер;
2) калктуу конуштардын жерлери;
3) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер;
4) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери;
5) токой фондусунун жерлери;
6) суу фондусунун жерлери;
7) сактоодогу жерлер.
Биринчи кезекте үй курам деп жаткан жер кайсыл категориядагы жер экендигин тактооңуз керек. Баардык эле жерлерге үй курууга болбойт.
Ошондой эле, «Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу жобо» бар. Бул шилтемеден таанышсаңыз болот http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/36359/20?cl=ky-kg&mode=tekst
Сурооңузга жооп берүү үчүн, биринчи суунун коргоочу зонасы канча экендигин аныкташыбыз керек болот, ал эми мындай аныктоону жобонун негизинде атайын адистер жүргүзүшөт.
Сизге түшүнүктүү болуусу үчүн мисал келтирем:
Магистралдык жана чарбалар аралык каналдар үчүн сууну коргоочу зонанын эң кичине кеңдиги мындайча: Секундасына 5тен 10 куб.м чейин суу агыза ала турган каналдар үчүн - 5О м, секундасына 10дон 20 куб.м чейинсуу агыза ала турган каналдар үчүн - 75 м, секундасына 20 куб.м ашуун суу агыза ала турган каналдар үчүн - 100 м.
Бул нерселерди мен сизге айтуумдун себеби, Кыргыз Республикасынын суу кодексинин 69-беренесинин негизинде Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органдары менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик суу администрациясы суу обьектилеринде суу коргоочу зоналарды белгилейт, аларда суу ресурстарынын булгашы же суу объекттерине зыян келтириши мүмкүн болгондугуна байланыштуу иш-аракеттердин белгилүү түрлөрү чектелет же тыюу салынат.
Иш-аракеттердин мындай түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- мал чарба фермаларын жайгаштыруу жана эксплуатациялоо;
- пестициддерди, органикалык жана химиялык жер семирткичтерди пайдалануу жана колдонуу;
- өнөр жай ишканаларын эксплуатациялоо;
- калдыктарды сактоо, кайра иштетүү жана таштоо;
- курулуштарды куруу.
http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1605/90?cl=ky-kg&mode=tekst