Атамдын эмне деп айткысы келгенин бейтапканада жатканда түшүндүм
Үчтө белем же төрттөбү, айтоор кичинекей болчумун. Атамдын досторуна кошулуп тоого эс алганы баргам. Шиш кебек бышырып жедик, топ ойнодук, балык кармадык, уктадык.
Түштөн кийин тоого чыктык. Чокусуна жеткенде, тайып кетип, “Ата!” – деп бакырдым. Кызык, бирөө “Ата!” деп мени туурады.
Айланамды карап:
- Бул ким ?
Ал мага мындай жооп берди:
- Бул ким?
Мени туурап жатат деп ачууландым:
- Чочко!
Үн:
- Чочко!
Таң калып, атаман бул ким экенин сурадым. Атам жылмайып, үн чыгып жаткан тоолор жакка кыйкырды:
- Салам!
Үн:
- Салам!
Атам:
- Бактылуу бол!
Үн:
- Бактылуу бол!
Атам мени алдына алып, “Уулум, муну жаңырык деп коет. Бирок, чын-чынына келгенде бул биздин жашообуз. Ал ар дайым сен айткан жана жасаган нерсенин баарын кайра сага кайтарат.”
Анда атамдын эмне деп жатканын түшүнгөн эмесмин. Бой жеттим. Досторума кошулуп алып канчалаган балдарды тонодук, токмоктодук. Бирок, ар дайым жазасын алчубуз. Ишибиз оңунан чыкпай калат, жакындарыбызды бирөөлөр сабап кетет, катуу ооруп калабыз, кырсыкка учурайбыз ж.б.
Бир күнү дагы бирөөлөр менен мушташып, ооруканага түшүп калдым. Шыпты тиктеп жатып, баягы атамдын айткан сөзү эсиме түштү. Ошондо гана ал сөздөрдүн терең маанисин түшүндүм.
Бейтапканадан чыгып, жаман жолдо жүргөн досторумдан алыстадым, жумушка орноштум, муктаж адамдарга жардам берип, жакындарым менен убакыт өткөрө баштадым.
Учурда бир ишкананын жетекчисимин. Чакан кайрымдуулук фондум бар. Үйлөндүм. Эртең балам менен баягы тоого барабыз. Атамдын айткандарын уулума айтып берем.