Мен уктаганда тиштенип уктайм, брекет салынсам болобу? Стоматологдун жообу
Мен уктаганда тиштенип уктайм. Брекет салдыргам, тиштерим ооруп калып жатат. Эмне кылышым керек?
Нуржамал Канатбекова
Стоматолог
Түнкүсүн тиштенип уктаганды медицина тилинде – бруксизм деп аташат. Эгер тиштериңизди кырчылдатып уктасаныз бирок, брекетке тийбесе, анда эч кандай коркунуч жок. Ал эми брекет тишиңизге тийип, ошондон ооруп калып жатса, желимден жасалган “капы” колдонуп көрүңүз. Аны кийгенде тишке зыян келүүсү минималдуу.
Стоматологияда бруксизм жаак сөөктөрү туура эмес калыптанып калгандан улам, адам тиштенип уктайт - деген теория бар.
Андан тышкары бул көйгөй психология, неврология, отоларингология жана гастроэнтерологиянын алкагында да изилденип келет.
Психологиялык көз карашка ылайык, эмоционалдык туруксуздуктан, стресс жана катуу чарчагандан адам түнкүсүн тиши менен кырчылдашы мүмкүн, деп божомолдонот.