Күйөөм "мен сени кууган эмесмин, келсең өзүң кел", деп жатат. Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мен 23 жаштамын. Былтыр бир жигит менен бир ай сүйлөшүп, коңшу айылга турмушка чыккам. Өзүм шаарда иштечүмүн. Ошого карабай бардык шарттарга көнүп айылга туруп калдым.
Башында баары жакшы болчу, бирок кийин өзгөрдү. Кайын атамдын мамилеси, күйөөмдүн кайдыгерлиги, чечкинсиздиги жашообузга жарака кетирди.
Ар кандай себептерден улам, ден соолугум начарлап, дарыланышым керек болуп калды. Ооруп калсам деле кайын журтумдун мени менен иши болгон жок. Төркүнүм акча берип, барып дарыландым.
Акыры оокатымды жыйнап кетип калдым. Кайра шаарга келип, мурдагы жумушума кирип иштедим. Катуу иштеп бутума тургум келди. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин сагына баштадым. Көз алдыма бактылуу күндөрүбүз тартыла берчү болду.
Өткөндө күйөөм менен интернеттен байланышып калдык. Кайра жарашууга ою барбы десем, “мен сени кууган эмесмин, келе турган болсон өзүң кел”, деп койду. Кайра бир туруп, сагындым дейт. Айтор түшүнө албай койдум.
Бирге жашап кетерибизге деле көзүм жетпейт. Эмне кылышым керек?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык!
Азыркы тапта, эч нерсе кылуунун кереги жок. Бир аз тыныгуу алып, өзүңүздүн каалоолоруңузду жакшы түшүнүп, ирээттеп алганга чейин эч кандай аракеттерди кылбай туруңуз.
Сиздин чечимдериңиз импульсивдүү экен. Бир таанышканыңарга бир эле ай болсо деле ал жигитке турмушка чыгып алдыңыз. Андан кийин жаңы тийген күйөөңуздөн тез эле кетип калдыңыз. Карьера жасайм деп, жумушка кирдиңиз, эми кайра мурунку жашооңузду эстеп, сагындым деп жатасыз.
Шашпай отуруп жакшылап ойлонуп көрүңүз. Сиз чынында эмнени каалап жатасыз? Бардык артыкчылык, кемчиликтерди эске алыңыз.
Кайын атаңыздын мамилеси, күйөөңүздүн кайдыгерлиги жакпайт, деп жазыптырсыз. Кайра кайткандан кийин бул нерселер жок болуп кетпейт. Ошол шарттарга моюн сунуп жашаганга даярсызбы?
Куруу кыялдануу реалдуулукка келгенде бир заматта жок болот. Үзүл-кесил жагымдуу эскерүүлөрдүн негизинде келечекке план курган болбойт. Чоңдордун жашоосу кенедей балдардан эмнеси менен айырмаланат? Бул өз жашооңо, өзүңдүн чечимдериңе жооптуу болуу.
Бардыгын таразалап, андан кийин чечим кабыл алыңыз.
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.