Күйөөм сөзүнө турган жок. Ага ишенсем болобу? Психологдун жообу
Жашым 24тө. Учурда магистратуранын экинчи курсунда окуйм. Күйөөм менен сүйлөшүп жүргөнүмдө, сени өзүм окутам, каалаган жериңде иштейсиң, деп айткан. Аз эле сүйлөшүп, ала качып кетти. Бирок бир да айткан сөзүнө турган жок.
Азыр Москвада жашайбыз. Бир балам бар. Окууңду өзүң бүтүр менден үмүт кылба деп айтат. Былтыркы жылдын контрагы уруш-талаш менен араң төлөндү. Быйылкы жылды кантем билбейм. Иштейин десем балам али кичине.
Ата-энемди сыйлабайт. Кайын ата, кайын эне ордуна койбойт. Балабызга да каралашпайт. Мага кол көтөрөт.
Энеси менен ушакташканды эле жакшы көрөт. Эмне кылышым керек? Кеңеш бериңизчи?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Чынын айтсам, бул абалда эмне кылыш керек экенин өзүңүз деле жакшы билесиз. Болгону чындыкты кабыл ала албай жатасыз. Катыңызда жазылган фактыларды эсептеп берейин:
- Ал сизди ала качты. Демек сиздин пикириңиз, каалооңуз эске алынган эмес.
- Айткан сөзүнө турган жок. Берген убадасын аткарган жок.
- Сиздин өнүгүп, өркүндөп өсүшүңүздү каалайбайт. Сиздин билим алууңузга каршы.
- Ата-энеңизди сыйлабайт.
- Сизге кол көтөрөт.
Айтыңызчы, сизге ыңгайлуу жана жапа чеккен аял болгон жагабы? Күйөөңөр экөөңөрдүн ортоңордо, мамилелериңерде кандай баалуулук бар?
Өзүңүздү 10 жылдан кийин кандай элестетесиз? 34 жашка чыктыңыз. Дагы эки баланы төрөдүңүз. Окууңузду ошо бойдон бүтүрө алган жоксуз. Күйөөңүз күн алыс кол көтөргөндүктөн, ден соолугуңуз начарлап калган. Балдарыңар ар дайым чарчаңкы, бети-башы көгала энесин көрүп чоңоюшат.
Дагы 10 жыл өттү дейли. 44 жашка чыктыңыз. Чачыңызга эбак ак түшкөн. Көздөрүңүздүн оту өчкөн.
Адам ар дайым өз тагдырына өзү жооптуу. Чечимди сиз гана кабыл аласыз. Сиздин жашооңуздун ээси ким? Сиз, күйөөңүз же ата-энеңиз?
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.