Өзүмдү токтото албай, кайын энеме кыйкырып алдым
30 жаштамын. Эки кичинекей балам бар, экөөтең бала бакчага барат.
Мүнөзүм өзгөрүп урушчаак болуп кеттим. Өзүмдү кармай албай улуу адамдар менен дагы уруша кетем. Эмнепи сүйлөп жатканымды дагы көзөмөлдөй албай калып жатам.
Бүгүн да кайын энемди күнөөлөп, оюмду айтып, кыйкырып алдым. Бирок кайра кечирим сурап, мүнөзүмдү түшүндүрүп бердим.
Менин мүнөзүм өзгөрүп жатат, мындай эмес болчумун. Бирөөгө кыйкырып алсам, аны кече ойлонуп кыжаалат болом.
Ошондой учурларда өзүмдү кантип токтотом?
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы!
Жазганыңызга караганда балдар менен үйдө олтурат окшойсуз.
Сиз оюңузду улуу адамга айтып койгонуңуз үчүн, өзүңүзду күнөөлу сезип жатыпсыз. Андай эмоциялар кырдаалга жараша болуп турат. Жакындарыңыз сиздин оюңуз менен эсептешпей, укугуңузду тебелеп жаткандай.
Энергияны пайдалуу жакка жумшаңыз: өзүңүз кызыгып жүргөн хобби менен алектениңиз, бош болбоңуз, таза абага чыгып сейилдеңиз, жакын аламдарыңызга ичиңиздеги болуп жаткан букту айтсаңыз, жеңилдеп каласыз.
Агрессия- бул болуп жаткан көрүншкө жооп десек болот. Негативдүү, позитивдүү болгон учурда да. Ошол үчүн негативдүү эмоцияны туура багытта колдонгонду үйрөнүңүз.
Сизге ийгилик!