// //

Кайын энем ит кыялымды жактырып келин кылып алды

2019.09.27, 15:38
6675

“Ишиң эмне?”, “Өзүм билем!”, “Башымды оорутпачы”, менин көп колдонгон фразаларым. Кыскасы, баары мени “ит кыял” дешет. Жакпаса бетине айтам. Жашырып эмне кереги бар, туурабы?

- Эээ кудайым ай, деги түзүк бир кайын энеге келин болсоң экен.

- Аны сиз айтпасаңыз деле кудай өзү билет. “Так что” кайын энем жакшынакай болот. Мага кабатыр болбой эле койгулачы. Сураныч!

Апам экөөбүздүн маегибиз дайыма ушинтип бүтөт. 

Баары тажатты. “27ге чыгып калдың, сени эч ким албайт”, “Мындай кыялың менен эч жерге батпайсың”, “Кайын энең эртеси эле кууп чыгат”, бла, бла, бла...

Ой тобоо, баары эле бирөөнүн жашоосу боюнча эл аралык эксперт. Кааласаң келечегиңди да айтып беришет. Биринчи өзүңөрдүн жашооңорду эптеп алгылачы. Бирөөнүн аркасынан шыбырап жүрүп үнүңөр чыкпай калбасын.  

Кичинемден өзүмө сөз тийгизбейм. Жакпаса дароо айтам, таанышпы же тааныш эмеспи ишим жок. Артынан сүйлөгөн эки жүздүү эмесмин. Ыраматылык атамды жазбай тарткам. Кабатыр болбой эле койгула, бул мүнөзүм менен кыяламдагы нерселерге эбак эле жеткем. Санап бербей эле коеюн, көрө албагандардын ичи өрттөнүп, өрт өчүрүүчүлөр келгиче толугу менен күйүп кетпесин.

Нурнис менен кесиптеш болчубуз. Кийин чет өлкөгө иштегени кеткен. Ошону менен ортобуздагы байланыш үзүлгөн. Жакында эле кайтып келиптир. Жумушка баш багып баарыбыз менен учурашты. Бир убакта жаныма келип, кечки тамактанууга чакырды. Макул болдум. Анын эмнеси бар экен.

- Азиза, мен сени көптөн бери билем. Элге жакпаган мүнөзүң мага жагат. Жаш бала эмеспиз. Дароо эле айтайын, сен мага жагасың.

- Билген эмесмин.

- Мына-мына айтайын деп жатканда, чет өлкөгө жумушка чакырып калышты. Кептин кыскасы, сүйлөшүп көрбөйлүбү.

- Макул.

Бир жылга жакын кыз-жигит болдук. Кыштын ызгардуу күнүндө үй-бүлө деген чоң турмушка аттандык. Бул жагы эми өзүнчө эле кызык.

Нурнис апасы менен тааныштырганы үйүнө алып барган. Апасы досторкон даярдап күтүп жатыптыр. Дароо эле тил табышып кеттик. Кеч кирип кеткенин байкабай калыппыз. “Кызым, калып эле калбайсыңбы?”- деди. Макул болдум. Ошентип, Нурнис экөөбүз баш коштук. “Сени эч ким албайт” деп жаткандарга менден чоң салам.

- Кудагый, кызым өзү отуруп калса жакшы. Нурнисти тааныйм, мыкты жигит. Бирок, элге окшоп кызымды мактап, сизге калпычы болгум келбейт. Жашырганда эмне, эртеси эле билинет, кызым ит кыял.

- Кудагый, капа болбоңуз, мен кимди келин кылып алып жатканымды жакшы билем. Кызыңыз оюндагысын ачык айткан, кошомат кылганды билбеген, эки жүздүү эмес, чынчыл кыз. Мен ичинде кири жок келиндүү болгонума абдан сүйүнүп отурам.

Эң жакындарыбызды чакырып бата алдык. Кайын энем алтын адам. Мисалы, мен бир ишти бир күн кечке, бирок майын чыгара жасайм. Бул адатымды кайын энем жакшы билет. Кийлигишпейт. Баланы карап турат. Тамакты деле өзү жасап коет. Ар дайым элге мактап эле басып жүрөт. Баса, балабыздын аты Бакыт.

- Нурнис, уктап жатасыңбы?

- Ммм....

- Нурнис, сага жолуктурган, апамдай кайын энелүү кылган, Бакыттай баланы берген тагдырыма миң мертебе ыраазымын.

- А мен сендей жубайлуу болгонум үчүн бактылуумун.

- Жакшы жат. Мен сени сүйөм.

- Жакшы жат. Мен сени көбүрөөк сүйөм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт