Бойго бүтүүнү пландаштыруу. Эмнеден баштоо керек? Негизги 8 суроого жооп
Кыргызстанда балдардын төрөлүшү боюнча көрсөткүч жогору. Чыгыш Европа жана Борбордук Азия регионунда Азербайжан менен Тажикстандан кийинки үчүнчү орунда турат.
Кош бойлуулукка даярдануунун кандай зарылчылыгы бар? Качан даярданып баштоо керек? Эмнелерге көңүл бөлүү маанилүү? Бул суроолорго Кыргыз Улуттук Медицина Институтунун Үй-бүлө кафедрасынын ассистенти Инна Болоцких жооп берди.
- Пландаштыруу деген эмне?
Бул дени сак, акыл-эси жетик балалуу болууга багытталган иш чаралар. Кош бойлуулукту пландаштыруу эненин бойго көтөрүүсүн коопсуз, жагымдуу жана төрөтүнүн жеңил болушуна жардам берет.
Ар бир бала көптөн күткөн жана сүйүктүү болууга тийиш. Ошондуктан кош бойлуулук кокустук эмес, пландашылган процесс болушу керек.
- Кош бойлуулукту качан пландаштыруу керек?
Пландаштырууну бойго бүткөнгө чейин 3-4 ай мурун баштоо зарыл. Бул мезгил аралыкта аял дагы, эркек дагы медициналык текшерүүдөн өтүп, зыян адаттардан арылып, туура тамактанууга басым кылып, иштөө жана эс алуу тартибин бир иретке келтирүүлөрү зарыл.
- Кош бойлуулукка эркектин кандай тиешеси бар? Ал эмне кылып даярданмак эле?
Чынында эле, баланы тогуз ай бою аял көтөрөт. Эркектин ролу өтө төмөндөй сезилет. Бирок бул андай эмес. Баланы пландаштырууга эркек да активдүү катышат. Себеби, түйүлдүк эркектин уругунан жана аялдын жумуртка клеткасынан жаралат.
Эркек эле эмес, баланын төрөлүшүнө бүтүндөй үй-бүлө катышып, бардык шарттарды түзүп берүүлөрү зарыл.
- Балалуу болууну чечкен түгөй эмнеден баштайт?
Аял киши гинекологго көрүнүп, канынын группасын жана резус факторун аныктоо үчүн анализ тапшырат. Андан тышкары жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларга (ЖЖЖИ) анализ тапшыруу керек. Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекция менен ооруган болсо, дарыланып, кайрадан анализ тапшыруу кажет. Анткени, мындай дарт тукумсуздукка себепкер болушу мүмкүн. ВИЧ статусун аныктап алуу да зарыл.
Эгер кызамык (краснуха), гепатит оорусуна каршы вакцина ала элек болсо, алдын ала эмделгени жакшы.
Эркек дагы так эле ушул процедуралардан өтөт.
Ошондой эле жубайлар генетиктен консультация алып тукум кууган ооруларды жана психикалык ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдү алдын ала чара көрүлгөнү жакшы.
- Бул ушунчалык маанилүүбү?
Ооба. Анткени аялда жыныстык инфекциялар болсо, же күйөөсү жубайына жугузса, инфекция баланын нормалдуу өрчүшүнө терс таасирин тийгизет.
Андан тышкары ата-эне психологиялык жана материалдык жактан да бала күтүп алууга даяр болгону жакшы. Баланы багууда кошумча материалдык чыгашаларга дуушар боло турганды да эске алуу маанилүү. Кыргызстанда болочок ата-энелерди даярдай турган атайын мектептер бар. Аял кош бойлуулугу менен учетко тургандан кийин жашаган жерине караштуу ата-энелер мектбине кайрылса болот. Ал жактан туура тамактанууга, кош бойлуу келинге туура кам көрүүгө жана төрөт учурунда туура дем алууга, туура ыйынууга үйрөтүшөт.
- Кайсы зыян адаттардан сөзсүз баш тартуу керек?
Ден соолукка зыянын тийгизген бардык адаттардан арылуу зарыл. Алар кайсы экени баарыбызга маалым:
- чылым чегүү;
- алкоголь ичимдиктерин ичүү;
- наркотикалык заттарды колдонуу.
Буларды ашыкча колдонгон ата-эненин балдары ден соолугундагы түрдүү патологиялар менен төрөлүшөт.
- Тамактануу да маанилүүбү?
Ооба. Кош бойлуулукка даярданып жаткан келиндин азыктануусу толук кандуу жана рационалдуу болууга тийиш. Күнүмдүк рациондо:
- белоктор (эт, тооктун эти, балык, жумуртка, жаңгактар, буурчак өсүмдүктөрү)
- майлар (жумуртка, жаңгак, бадам, сары май, сүт, зайтун майы)
- углеводдор (күрүч, гречка, ун, картошка, сабиз, ашкабак, дарбыз, шоколад)
- витаминдер (Бардык мөмө жана жер жемиштер)
- минералдык заттар (өрүктүн кагы, туз, ашкабактын семичкелери, күн караманын семичкелери, сыр, быштак, ит мурун, петрушка, салаттын жалбырактары, боор, бөйрөк), камтылышы керек.
Бул азыктардын бардыгы баланын организминин туура калыптануусуна чоң салымын кошот.
- Кандай витаминдер керек?
Фолий кычкылы – түйүлдүктүн нерв системасын калыптандырууда негизги азык болуп саналат, ошондой эле кан жаратуу процессин жакшыртат. Фолий кислотасынын жетишсиздиги кыр арка омурткасынын өрчүбөй калышына (спина бифида оорусу), эс тутумунун начар болушуна, аялдын өңүнүн кубарышына жана сепкилдин пайда болушуна алып келет. Фолий кычкылын гравидардык даярдык катары бойго бүткөнгө чейин үч ай мурун, кош бойлуу кезде жана төрөттөн кийин үч ай күнүнө 400 мкгдан ичүү керек.
Йод – бул микроэлементти калкан бези гормондорду иштеп чыгуу үчүн колдонот. Ал гормондор адамдын бардык системаларынын иштешине олуттуу салымын кошот. Биз эндемикалык райондо жашайбыз. Деңиз жээгинде жашап, йодду балык, балырды жеп тамак-аш аркылуу алган элдерден айырмаланып, биздин табиятта йод жокко эсе. Йоддун жетишсиздиги богок оорусунун пайда болушуна себепкер жана баланын акыл-эси кем төрөлүп калуу коркунучун жогорулатат. Йод микроэлементин бойго бүткөндөн тартып төрөгөнгө чейин күнүнө 200 мгдан кабыл алуу зарыл.
Темир - бул адамдын организмине керектелүүчү олуттуу микроэлементтердин бири. Темир организмдин кайра калыбына келүү процессин жакшыртат (метоболизм). Анын функциясы- кан аркылуу бардык органдарга жана ткандарга кычкылтек жеткирүү. Ал эми негизгиси - темир баланын мээсинин калыптануусуна, өсүүсүнө жана өнүгүүсүнө жооптуу. Темир микроэлементи кош бойлуу айымдын организмине күнүнө 60 мгдан керектелет.