// //

Башка шартта балалуу болсом, турмушум башкача, жакшыраак болмок беле...

2019.09.26, 16:15
1669

“Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо статистикасы, 2014-ж.” жыйнагында берилген маалыматка ылайык, дүйнөдө 15-19 жаштагы 1000 кыздын 49у төрөшөт. Бул балдар арасындагы өлүмдүн жогору болушуна жана коомдун жакырчылыгына алып келген олуттуу факторлордун бири. 

-Атым Жылдыз (аты өзгөртүлдү), мектепте окуп жүргөндө, менден алты жаш улуу бир жигит менен сүйлөшүп жүрдүм. Үйдүн кичүүсүмүн, жалгыз уулумун, эртерээк үйлөнүшүм керек, деп көп айтчу. Мен анын сөзүнө ишендим. Кийин боюма бүтүп калды. Кош бойлуу экенимдм айтсам, аябай ачууланды. Телефонун өчүрүп, такыр байланышка чыкпай койду.

Мен ал учурда мектепти жаңы бүтүрүп, окууга да өткөм. Бирок жогорку окуу жайды аяктап, чет өлкөгө кетем, чоң кызматтарда иштейм, деген кыялдарымдын бардыгы ошону менен жок болду. Учурда кызым чоңоюп калды. Тигүүчү цехтердин биринде иштейм.

Жылдыз, кызынын кең келечеги тууралуу кыялданат. Өзүнүн жашоосу мындай болуп калганына аябай өкүнөөрүн айтат.

-Албетте, кызымдын бар экенине, кудайга миң мертебе ыраазымын. Бирок, башка учурда, башка шартта кыздуу болсом, турмушум башкача, жакшыраак болмок беле, деп көп ойлоном.

Гинекологдун пикири

Өспүрүм курактагы кош бойлуулук бул көп кырдуу көйгөй, экенин акушер гинеколог Анара Ордокова белгиледи. Бул ата-эненин, медицинанын, коомдун чечилбей келген маселеси. Тилекке каршы азыркы күнгө чейин актуалдуулугун жогото элек.

-Өспүрүм курак бала 10 жашка чыкканда башталып, 18 жашына чейин созулат. 13төн 16 жашка чейинки кош бойлуулукту өспүрүм курактагы кош бойлуулук деп коюшат.

Бул мезгил аралыкта кош бойлуу болуп калган өспүрүм кыздын жана наристенин ден соолугу жана өмүрү үчүн чоң коркунуч пайда болот. Кош бойлуулук жана төрөт, жетилген аял үчүн деле физиологиялык жана психологиялык жактан өтө оор процесс.

Өспүрүм курактагы кыздардын организми кош бойлуулукка такыр даяр эмес, демек алты саны аман баланын төрөлүшү да күмөн.

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун 2018-жылга карата берген маалыматына ылайык:

  • Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 16дан 19 жашка чейинки кыздардын ичинен 16 миллиону төрөшөт. Мындай көрүнүш негизинен киреше табуу деңгээли төмөн жана орто болгон мамлекеттерге тийиш.
  • Дүйнө жүзүндө 15тен 19 жашка чейинки кыздар арасындагы өлүмгө алып келген негизги себептердин бири кош бойлуулук жана төрөт.
  • Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 3 миллион өспүрүм кыздар кооптуу аборт жасатышат.
  • Өспүрүм кыздар төрөгөн наристелер, 20-24 жашка чыгып төрөгөн келиндердин наристелерине салыштырмалуу ден соолугу начар болуп, чарчап калуу коркунучуна көбүрөөк кабылышат.

Өспүрүм курактагы кош бойлуулуктун себептери

  • Өспүрүм курактагы кош бойлуулук көбүн эсе зордуктоодон улам келип чыгат. 15-16га чыккан кызды өзү жыныстык катнашка барууну каалап, атайы боюна бүтүрүп алганын элестетүү кыйын. Өспүрүм курактагы кош бойлуулук негизинен физикалык жана психологиялык зордук-зомбулуктан улам пайда болот.
  • Дагы бир негизги себептердин бири жыныстык тарбиянын жетишсиздиги. Балдар жыныстык жашоо тууралуу маалыматты түрдүү, текшерилбеген жана чындыкка дал келбеген булактардан алышат. Мисалы, өзү курактуу өспүрүм балдар, интернет, телевизор. Ошондуктан ар бир ата уулуна, ар бир эне кызына жыныстык катнаш тууралуу айтып берүүгө милдеттүү.
  • Ошондой эле, өспүрүм балдар, башка теңтуштарынан өзгөчөлөнүп, өзүн чоң киши сезгиси келет. Башкалардын кабары жок нерсени эбак билип алгам деп мактанышат, - дейт Анара Ордокова.

Психологдун пикири

Психолог Карлыгаш Акимкулованын айтканына караганда өспүрүмдөрдун жыныстык катнашка эрте баруусунун дагы бир себеби, үй-бүлөдө көңүл бөлүүнүн жана мээримдин жетишсиздиги.

-Бала менен сырдашпаган, анын ички дүйнөсүн, сезимдерин сурабаган, жеке жашоосуна кызыкпаган үй-бүлөдө чоңойгон бала жылуулукту сырттан издей баштайт. Жакшы сүйлөп койгон адам көзүнө эң мыкты киши көрүнөт. Объективдүү, сындуу көз карашы, критикалык ой жүгүртүүсү жок болот.

Андан тышкары өспүрүм балдар зордуктоонун курмандыктары болуп калып жатышат. Бул тууралуу жаңылыктардан көп эле угуп, окуп калабыз. Бул абдан кейиштүү көрүнүш. Өспүрүм кыздар жакын тааныштарынын, өгөй аталарынын, агаларынын, тагаларынын, кошуналарынын үн катпаган, алсыз олжосуна айланышат. Бул секелек кыздардын психикасына, ден соолугуна, тагдырына терс таасирин тийгизүүдө.

Өспүрүм курактагы кош бойлуулукту алдын алуу

Ата-эне балдарынын жыныстык жетилүүсүнө чейин жыныстык катнаш деген эмне, коопсуз секс, презервативдер тууралуу айтып берүүсү керек. Эч ким алардын денесине кол тийгизүүгө акысы жок экенин түшүндүргүлө.

Балага жеке кызыкчылыктары менен алектенүүгө көбүрөөк шарт түзүп бериңиз, кошумча окуу, хобби, спорт ж.б.

Кош бойлуу болуп калсачы?

Бул жашоо токтоду дегендик эмес. Кызыңыз кош бойлуу экенин айтса, бул жаңылыкты мүмкүн болушунча эмоциясыз кабыл алыңыз. Ансыз деле кыйналып турат. Жаңылганын өзү деле түшүнсө керек. Ашыкча жемелеп, кемсинтип, уяткаруунун зарылчылыгы жок. Кызыңызды көйгөйү менен жалгыз калтырбаңыз. Чечип берүүгө жардам бериңиз.

Сиздин жардамыңыз менен татыктуу эне болуп, окуусун улантып, иштеп, баласын тарбиялаганга дарамети жетет. Эгер ата-энеси тараптан колдоо болсо.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт