// //

Болочок кайын энем каза болгон келини менен салыштырат деген кыздын баяны

2019.09.20, 14:45
3370

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул кыздын катында болочок кайын энеси каза болгон келинин унута албай жүргөнү баяндалат. Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Айтурган: аялынын каза болгонуна бир жыл боло элек экен

Үйдүн жалгыз кызымын. Быйыл окуумду кызыл диплом менен бүтүп, чет элдик жеке фирмалардын бирине жумушка кирдим.

Элдияр менен таанышканда 4-курс элем. Кафеде курбу кызымдын туулган күнүн белгилеп отурганбыз. Бий аянтчасына чыктык. Бийлеп жатып кокустан бир жигиттин бутун басып алдым. Ал Элдияр эле.

Тамашакөй экен. Бутун кармап аксамыш болуп, “телефонуңузду бербесеңиз, милицияга кабарлайм”,- деп боорумду эзди. Мен да, “кой анте көрбөңүз, өзүбүз эле чечишип алалы”,- деп номеримди бердим. Эртеси чалды. Ошентип сүйлөшө баштадык.

Өзү тууралуу көп сүйлөчү эмес. Дайым мен жөнүндө сурап, “ажырашкан же аялы каза болуп калган жигитке турмушка чыгат белең”,-деп кызыктай суроолорду узатчу.

Бир күнү досу үйлөндү. Чогуу барып келели деп сунуш киргизди. Макул болдум. Салонго барып макияж, чач жасаттым, көйнөк сатып алдым.

Элдияр менден беш жашка улуу болчу. Досторунун алды эки балалуу болуп калыптыр. Гүлбайра деген шукшуңдаган бир аяшы бар экен. “Кызык, аялынын өлгөнүнө бир жыл болбой жатып, жаңысын таап алган тура”,- деп көзүмчө эле айтты. Нес болуп калдым.

Көрсө Элдияр мурун үйлөнгөн экен. Аялы жол кырсыгынан каза болуп калыптыр. Сүйүп калгам. Бул сырын кечирдим.

Апасы менен тааныштырганы алып барды. Жолдон атайын торт сатып алдым. Жылмайып тосуп чыкты.

Тортту кесип жатып, “Бечара Айпери, мончоктой келиним бар эле, мындай тортторду өз колу менен жасачу эле” десе болобу. Муну менен токтоп калган жок, чай сунган сайын, “Жаш кетип калат деп эч ойлобопмун, чайды атайын мен үчүн отко демдеп берчү”,-деди. Айтоор, ар бир секунд сайын каза болгон келинин эстеп жатты. Чыдай албадым. Шылтоо айтып, кетип калдым.

Элдиярга турмушка чыксам, өмүр бою биринчи жубайы менен салыштырылып өтөөрүмдү билдим. Ооба, аны сүйөм, бирок, менин сүйүүм өткөндү оңдой албайт көрүнөт. Бир айдан бери жолуга элекмин. Ал байкуш, аркаман чуркап жүрөт, кааласам эле үйлөнөөрүн айтат. Айтыңызчы, эгер ага турмушка чыксам, мен айткандай болот да туурабы?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Тилекке каршы, эч ким жакындарынан айрылып калуудан корголгон эмес. 
Айткандарыңызга караганда, Элдияр сиз менен чогуу болууга даяр. Ал абдан тартиптүү адам. Турмуш кура элегиңер жакшы кабар экен, сиз бул убакытты өзүңүздүн кызыкчылык үчүн колдоно аласыз. Азыркы учурда ал сиз менен болууга аракет кылып жатат, өзүңүз тараптан чек араны белгилеп коюшуңуз керек, "алдын ала макулдашып алуу" дегендей.

Мурунку аялын эскерүү жана аны менен салыштыруу, сиз үчүн жагымсыз экенин айтыңыз. Апасы менен сүйлөшүүсүн сураныңыз. Кыязы, апасы жоготуудан кийин али өзүнө келе элек, бирок, бул анын процесси, жеке иши. Сизге эч кандай тиешеси жок. Элдияр сизге үйлөнгүсү келсе, бул жерде жактоочу катары иш алып барып, маселени никеге чейин чечүүсү керек. Ар ким өз бактысынын устасы. Ийгилик сизге!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
11.10.2019, 10:21

башка жигит куруп калыптырбы мамиленди токтот омур бою кыйналып отосун

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт