// //

Күйөөм үнөмдөгөндү билбейсиң, каалаганыңды алып жей бересиң деп урушат

2019.09.20, 09:53
927

Саламатсызбы. Мен турмушкка чыккам. 3 жыл болду. Учурда экинчи наристемди күтүп жатам. Акыркы күндөрү аябай ачууланып, жинденчү болдум. Жалкоомун, телефонго көз каранды болуп калдым. Жакпаган нерсени тарс эле бетке айтып салам.

Күйөөм үнөмдөгөндү билбейсиң, каалаганыңды алып жей бересиң деп урушат.

Ушул адаттарымды кантип калтырсам болот? Кеңеш бериңизчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.09.2019, 09:53

Виктория Исакова

Психолог

Саламатчылык. Сиздин эмоционалдык абалыңызды кош бойлуулугуңуз түшүндүрүп турат. Боюнда бар келиндердин маанайы тез-тез өзгөрүп, айрымдары соргок болуп калышат.

Күйөөңүзгө бул жөнүндө айтып бериңиз. Балалуу болгондон кийин, кайрадан мурунку калыбыңызга келип, мүнөзүңүз да баштагыдай боло турганын түшүндүрүңүз.

Телефонго болгон көз карандылыгыңыз да нерв системасынын туруктуу эмес болгондугуна байланыштуу. Телефон, соцтармактар аркылуу реалдуу жашоодон качкыңыз келет.

Бирок сиз телефонду өзүңүзгө пайда алып келгидей кылып колдонсоңуз болот да. Мисалы, жакшы музыка угуңуз, билимиңизди жана маанайыңызды көтөрө турган, наристе балдар тууралуу аларга тарбия берүү жөнүндө маалыматтарды окуңуз. Биринчи балаңыз менен сыртка чыгып көбүрөөк сейилдеңиз. Бул сизге да, кичинекей балаңызга да, курсактагы балага да пайдалуу болмок.

Бала төрөлгөндөн кийин телефонго убактыңыз болбой калат. Анткени күнүңүз (түнүңүз да) бала менен алек болуп өтөт. Баланын күн санап өскөнүнө, анын кылык жоруктарына сүйүнөсүз.

Күйөөңүз да сиздин көңүл бурууңузга муктаж. Ага жылуу сүйлөп, жумуштан келгенде жылмайып тосуп алыңыз. Бирге убакыт өткөрүп, сейилдеп, келечекке пландарды кургула. Бирге кыялдангыла.

Жашооңуздун жакшы жактарын көрүп, баалаганды үйрөнүңүз. Биздин бакыт күнүмдүк майда-барат нерселерде. Аларды байкай билиңиз. Ошондо телефон сыяктуу нерселерден көз каранды болбойсуз.  

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт