// //

Бардыгын көзөмөлдөп турган ата-энелер кандай болот?

2019.09.19, 17:06
2096

Ата-эне менен мамилеңиз өтө жакшы эмес болсо, демек бул макала сиз үчүн пайдалуу болот.

Психолог Мария Самсонова, бардык ата-энелер балдарына мыкты тарбия бергиси келет деген пикирде. Бирок мыкты тарбия дегенди ар ким ар кандай түшүнөт. Мисалы айрымдар балдарын жемелеп, кемсинтип, шылдыңдашат. Бул кичинекей балдардын психологиялык травма алышына себепкер болот. Мындай мамилени психологдор ууландыруучу мамиле деп аташат.

Ууландыруучу мамиле – бул сизди ичтен бузган, өнүгүүгө, өсүүгө тоскоолдук жараткан мамиле. Толук кандуу жашап, андан ырахат алууга жол бербейт.

Ууландыруучу адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин өзүңдү чарчаңкы, алсыз сезип, моралдык жана физикалык жактан жүдөп кетесиң. Кайра калыбыңа келүү үчүн көп убакыт керек. Бул адамдарды “энергетикалык вампир” деп да коюшат.

Тилекке каршы мындай ата-энелер көп. Албетте алардын ниети ак. Ата-эне баласына жакшылык эле каалайт. Бирок көпчүлүгү канчалык балдарынын жашоосун оорлотуп салганын түшүнүшпөйт.

Мисалдар:

Бардыгын көзөмөлдөп турган ата-эне

Кайда бардың? Ким менен барасың? Канчада келесиң? Эмне жумушка кирдиң? Канча айлык аласың? Кимге үйлөнөсүң? Досторуң ким? Тамак ичтиңби? Жылуу кийиндиңби?  

Баласы бул суроолорго жооп берүүдөн баш тартса, таарынып, ызы-чуу салып, күнөөлөй баштайт. “Мен сага сарысанаа болуп жатпаймынбы, энесин ойлобогон кандай бала (кыз) деги?”- деп нааразы болот.

Жоопкерчиликти баласына оодарган ата-эне

Мындай ата-энелерди аныктоо оңой эмес. Билбеген киши үчүн өтө түшүнүктүү кишидей сезилет.

Эмне үчүн биз кыйналып жатканда сен жыргап жүрөсүң? Эмне үчүн биздин ишибизди сурап койбойсуң? Ден соолугуңуз жакшыбы дегенге жарабайсың.

Мен кечке иштеп, жаным тынбайт, сен болсо жүрөсүң эчтеке менен ишиң жок. Элдин балдары ата-энесине жардам берет экен. Менин балдарым эле темселеп жүрүшөт. Кайдан чыкканын билбейм.

Кыскасы өзүнүн жашоосундагы жоопкерчиликти жана көйгөйдүн баласына жүктөйт.

Эң оору - бул ичкен ата-эне

Менин ичип жатканымды эч кимге айтпа, уят болот. Бала эч кимге айтпайт. Өзүн башкалардан кем сезет. Эч кимге керексиз экенин түшүнөт. Өспүрүм куракта өзү да ичип көрөт. Статистикага ылайык ата-энеси ичкен балдардын ичинен ар бир 4чү бала келечекте аракеч болот.

Кемсинтүүчү ата-эне

Мындай ата-энелер балдарын кемсинтишет. Көбүн эсе негизсиз. Бул шылдыңдоо, бала көтөрө албаган катуу тамаша, анын аброюн түшүрүүчү аттар.

Алар балага чындыкты айтып, анын жакшыраак, күчтүрөөк болуусуна түртку болуп жатам деп ойлошот. Чынында тескерисинче, балада өмүр бою кала турган комплекстер пайда болот.

Баласын кое бербеген ата-эне

Балдарын жанынан чыгарбай, алыска кетирбей, өз алдынча болуусуна бөгөт коет. Жеке жашоосуна, үй-бүлөсүнө кийлигишип, бардык кыйынчылыктардан коргоп алгысы келет.

Өзүнүн көйгөйлөрү, жеке жашоосу менен да бөлүшүп, ар дайым жанында болушун талап кылат. Мен үй жыйнап жатам, салат жаап жатам, жөн эле жатам келип кет, дей берет.

Баланын шайтандарын чыгарган ата-эне

Биздин коомдо баланы уруп койсо эч нерсе болбойт, кээде жакшылап төпөштөп кою керек, бугу толуп кетиптир, деген да пикир бар. Бул жаңылыштык. Баланы такыр урган болбойт. Ал болгону бала. Сизге жооп кайтара албайт. Сизге толук кандуу атаандаш боло албайт. Демек урганга акыңыз жок!

Мындай ата энелер менен кантип мамиле куруу керек?

  • Өткөндү, анын ичинде ата-энени өзгөртүү мүмкүн эмес. Бул фактыны кабыл алып коюңуз.
  • Ууландыруучу мамиле өнөкөт ооруу сымал. Аны айыктыруу, башкача айтканда оңдоо мүмкүн эмес. Ошондуктан башкы максат - мамиленин курчуп кетүүсүн алдын алуу.
  • Ата-энеден бөлүнүп өз алдынча жашаңыз.
  • Туугандардын күнүмдүк майда-барат көйгөйлөрүн чечип берүүгө шашылбаңыз, кийлигишпеңиз.
  • Жеке тажрыйбаңызды топтоңуз. Ата-эненин айткандарына таянып эмес жеке көз карашка басым кылыңыз.
  • Убакыт, ден соолук, күч-кубат, айлык, деген жеке ресурстарды өзүңүз көзөмөлдөңүз.

Бул ата-энени такыр карабай таштап кетүү дегендик эмес. Ата-энеңизге болгон жылуу мамилеңизди ар дайым сактаңыз. Аларды күнөөлөбөңүз. Болгону каталарын кайталабаңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт