Күйөөм мени сабачу, эми милицияга арыз жазсам болобу? Адвокат жооп берет
Күйөөм менен ажырашканыма 10 болуп калды. Ортобузда уулубуз жана кызыбыз бар. Ал мени камчы менен сабап, чачыман сүйрөп, токмокточу. Мен милицияга кайрылгандан коркчумун. Эми аны менен ажыраштым. Азыр эки балам менен жалгыз жашап жатам. Күйөөм болсо кайра үйлөнүп алыптыр.
Азыр аны сотко бере аламынбы? Же убакыт өтүп кеткендиктен эч нерсе далилдеп бере албай калдымбы?
Ширин Алмазова
“Линия защиты” укук коргоочу коомдук фонддун адиси, адвокат
Албетте сотко бере аласыз. Эгер күйөөңүздүн жоопкерчиликке тартылуусун кааласаңыз анда милицияга барып арыз жазсаңыз болот. Тергөөчү ден соолугунузга келтирилген залалды аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизадан өтүүнү сунуштайт.
Бирок, мен сизге сотко башка арыз менен кайрылуунун сунуштамакмын. Балдарды материалдык жактан камсыздоо үчүн алимент өндүрүү боюнча доо-арыз жазуу, бул учурда туурараак чечим болмок.
Ийгилик.