// //

Баламды өзүм аракеч кылдым

2018.10.05, 13:59
4633

Саламатсыңарбы, силердин долбоор аркылуу өзүмдүн күйүтүмдү айткым келди. Мүмкүн баянымды окуп калган ата-энелер, бир аз да болсо ойлоноор деген үмүттөмүн.

Ата-эне балага эч качан жамандык каалабайт. Бирок, кээде жакшылык кылабыз деп, балдарыбыздын тагдырын бузуп жатканыбызды аңдабай калат экенбиз.

Балдарымдын алдында күнөөлүүмүн. Ошол күндөр кайтып келсе, баарын башкача кылмакмын.

Пенсиядамын. Жолдошум менен жаш кезибизде эле ажырашып кеткенбиз. Убагында китепканачы болуп иштегем. Кийин базарга чыгып жүрдүм. Азыр үйдөмүн. Мен өлсөм, эч ким ыйлабаса деле керек.

Соодага өткөндө ишим жакшы жүрүшө баштады. Колуңа акча батпай калганда өзгөрүлөт экенсиң. Кымбат кийим кийдим, алтындарды тагындым, машинанын түрүн айдадым. Батирлеп жүргөн жаным, заңгыратып үй салдым. Апамдын колундагы 2 баламды жаныма алып келдим. Айтоор, жакшы эле көптүм.

Жүдөө кийинген келиндерди көрсөм, сынайм. Убагында өзүм ошондой болгонумду унутуп деле калдым.

Балдарым чоңойду. Экинчи балам үйлөнөм деп чыкты. Мага кандай келин керек экенин алдын ала буйрутма берип койгом. Бирок, баламдын сүйгөнү талаптарыма жооп бербеди.

Карапайым үй-бүлөнүн кызы экен. Баламдын байлыгына көз артты деп ойлодум, бетине эле айттым, катуу тийди, байкуш кыз ыйлап жиберди. Ошондо баламдын мени жек көрүп караган көздөрү али да эсимде. Ой-боюна койбой жатып, мен айткан жердин кызына үйлөнттүм. Бир жылга жетпей ажырашып кетишти. Эне катары баламдын сүйүүсүн түшүнө албадым. Мен...

Кайра үйлөнгөн жок. Достору менен Россияга кетип калды. Ал жакта эмне кылып жүрөт билбейм. Айтпайт, сүйлөшпөйт, акча дагы сурабайт.

Улуу балам үйлөнүп, өзүнчө бөлүнүп кетти. Эми, аларга тийишпей эле койсом эмне болот. Эки күндүн биринде үйүнө барып, келинимдин айласын кетирем. Эки-үч саат олтуруп алып лекция окуйм. Баламды жакшы көрчү, мага  жакшы эле чыдады.

Төрөгөндө “апама барып торолуп келейин” деп кеткен боюнча келбей койду. Неберемди көргөн жокмун. Балам ичип келип, мени күнөөлөйт. Унчукпай калбай, “өзү бузулган неме, бала сеники эмес” деп жарасына туз себем. Актанып жатам да. Балам ай, акыры баш оту менен аракка берилип кетти. Үйгө түнөгөнү эле келет. Эки-үй айлап жоголуп кетет.

Кеңеш, багыт берип койгондун ордуна, алардын жашоосуна ээлик кылыпмын. Түгөйүн таптыбы, жашай беришсин. Бизге ысык чай бергенге жараса болду. Эми баары кеч, балдарым мени кечиреби же жокпу билбейм.

Мен чарчадым... Кечирим сураганга дагы алым жок. Неберелүү болчу курагым өтүп баратат. Баарына өзүм күнөөлүмүн.

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт