// //

Табитти көзөмөлдөө: арыктоо жолдору

2018.10.05, 11:06
3025

Ар бирибиз убагы менен - газдалган суусундук ичип, таттуу же химикаттары көп тамак жегибиз келет. Кээде өзүбүздү колго ала албай, фаст-фуд саткан жерге кантип барып калганыбызды билбей калабыз. Эгерде биз зыяндуу тамактарга болгон каалообузду жеңсек, салмагыбызды бир калыпта кармай алабыз.

1. Эмне каалап жатасыз, так билиңиз

Таттуу жегиңиз келсе - сизге магний керек. Шоколаддын ордуна: ашкабактын данеги, шпинат, кызылча, буурчак, кунжут, кинза, күн карама үрөнүн жеп көрүңүз.

Чипсы, кириешки кааласаңыз-  организмиңиз сууга муктаж, бир  стакан суу ичип, кара нан, зайтун жана помидор жеңиз.

Майлуу тамактарга тартса - кальций жетишсиз, тофу, кунжут, йогурт, сыр, шпинат, кызылча жалбырактарын жана сардина жеңиз.

2. Углеводдорго жок деңиз

Тарелканы элестетиңиз. Аны экиге бөлүңүз, бир бөлүгүн жашылча-жемиштер, экинчи бөлүгүнүн жарымын углеводдор, жарымын белоктор түзсүн. Өзүңүздөр көргөндөй жеп жаткан тамак-ашыбыздын 50 пайызын жашылча-жемиштер ээлеши зарыл. Ар дайым тамактанып жатканда бул эрежени колдонуңуз. Ак ун, күрүч жана кантты бул азыктарга алмаштырыңыз: күрөң кант, күрөң же жапайы күрүч, кара буудай уну.

3. Психологиялык маанай

Табитиңиз майлуу, таттуу азыктарга тартып жатса, алардын ден-соолугуңузга тийгизе турчу зыяндуулугун эстеп ачууланыңыз. Зыяндуу бир нерсе жегиңиз келип жатса, "Мен муну жебейм" деп кесе сүйлөңүз. Изилдөөлөр көрсөткөндөй бул ыкма 80% жардам берет.

4. Визуализация

Алдыга максат коюңуз. Бир айда канча килограмм арыктагыңыз келет, жазыңыз. Кыялыңыздагы келбеттин сүрөтүн таап, чыгарып алыңыз. Баш тарткан азыктарды жегиңиз келсе, ошол сүрөттү карап, окшошууга аз калганын элестетиңиз. 

5. Таза суу

Өтө муздак эмес, бөлмө температурасындагы суу ичиңиз. Суу организимдеги зат алмашууну тездетет. Сууну күндүн биринчи жарымында, күнүнө 7 стакан же эң көп дегенде 3 литр ичүү сунушталат.

6. Фаст-фуддан баш тартыңыз

Тез татым тамактарын эмне үчүн жегиңиз келет, себебин аныктаңыз. Мүмкүн алардын даамы эмес, физикалык касиеттери жагат. Эгерде кырсылдаганын жактырсаңыз, сабиз же бадам сыяктуу тамактарды колдонуңуз. Муздак жана тоңдурулган азыктар жакса, жемиш ширесин тоңдуруп (канты жок) жеңиз.

7. Дене тарбия

Үй-жумуштары, окуу же ишке барып келүү физикалык көнүгүү эмес. Физикалык көнүгүүлөргө жөө басуу, чуркоо, спорт залга барып машыгуу, сууда сүзүү кирет. Жөө басканда сейилдегендей жай эмес, 30 мүнөт тез ылдамдыкта басуу. Бул минимум десек болот. Эң мыкты тандоо сууда сүзүү. Өсүп жаткан жаштарга булчуң чыгаруунун кереги жок. Машыгуулар бир калыпта болсун. Алсак, аларга баскетбол, воллейбол же футбол туура келет. Ал эми күрөш болсо булчуңдарын чыгарууну каалагандарга ылайык.

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт