“Теневая растушевка” канча убакытка чейин сакталат?
Саламатсызбы. “Теневая растушевка” жөнүндө маалымат бериңизчи. Жасатуунун кандай жолдору бар? Канча убакытка жетет? Биринчи жолу жасаткандагыдай оорутабы же экинчиси жеңилирээк өтөбү?
Бегимай Замирбек кызы
Перманенттик макияж чебери
Саламатчылык. “Теневая растушевка” бардыгына эле жасала бербейт. Ошондуктан алгач дарыгерге көрүнүп саламаттыгыңызды чыңдап алыңыз. Мисалы кант диабети бар кыз-келиндерге жасаган болбойт. Себеби узундугу 0,5 см болгон ийнелер менен көп сыйра тешилип, теринин ичине боек салынат. Бул процедурадан кийин каш көпкө чейин канап, оорутат.
Эффектиси 1,5-2 жылга чейин жетет. Бирок адамдардын организми ар башка, ошондуктан айрымдарыныкы эртерээк, айрымдарыныкы кечирээк тарайт.
Растушевкадан башка дагы пермененттик макияж деген ыкма бар. Ал растушевкага караганда коопсуз. Кармала турган мөөнөтү 1,5-2 жыл.
Экинчи ирет растушевка жасатуу чебер үчүн женилирээк. Себеби каштын формасы белгилүү, үстүнөн эле кайра тартып коет. Бирок сиз үчүн биринчидегидей эле ооруйт, жана ошондой эле бир айга чукул мезгилде айыгат.