Бир жолу кол көтөргөн эркек аялын өмүр боюу уруп өтөбү?
Турмушка чыкканыма 3 жыл болду. Күйөөм ичип алып, “ичип келипсиз” деген сөзүм үчүн көк ала кылып сабап салды. Адам болбойт окшойт деп ажырашканы турам. Бир кол көтөргөн эркек аялын өмүр боюу уруп өтөбү? Кеңеш бергилечи суранам.
Ширин Амантурова
Психолог
Саламатсызбы!
Үй-бүлө курган оңой, аны сактап калыш үчүн эки адамдын тең аракети керек. Адам жөндөн жөн эле ичпейт, бардык нерсенин себеби болот. Мисалы, үй-бүлөдөгү, жумуштагы, бир тууганы, ата-энеси же жубайы менен болгон келишпестиктер, көйгөйлөр себеп болушу мүмкүн.
Жубайына кол көтөргөн эркек, бала чагындагы атасынын апасына кылган мамилесин ойлонбостон кайталайт. Агресивдүү, мыкаачылыкка жакын адамдардын бардык көйгөйү бала чагында алган психикалык жараттын кесепети. Жолдошуңузга кылганы туура эмес экенин жай түшүндүрүп көрүңүз.
Эң коркунучтуусу күйөөңүздүн кордугуна чыдап жүрө бергенде. Ден соолугуңузга кандайдыр бир доо кетсе эмне болот? Ортоңузда бала барбы? Ичкилик ичип келгенде кол көтөрөбү же дайымабы? Бул жерде көп нерсе түшүнүксүз.
Ачууга алдырбай, ажырашуу эмес башка оптималдуу варианттарды карап чыгаарсыз. Мисалы, дарыгерге көрсөтүп, чогуу психологго кайрылып, жай олтуруп сүйлөшүп жана башка.
Сизге үй-бүлөлүк бактылуулук жана сабыр каалайм!