Түшүмдө бирөө ойготот, бирок мен ойгоно албай кыйналам. Бул эмнеси?
Саламатсызбы. Мени түшүмдө капкара бирөө алдыма туруп алып ойготот, бирок мен ойгоно албай кыйналам. Түшүм экенин билем. Кыймылдай албай, катып калам. 2-3 жолу келме келтирип атып араң ойгоном. Уйкум качып чакчайып калам. Андан кийин гана кадимки уйкуга кетем. Бул түштү көп жолу көрөм. Бул эмнеси?
Мария Самсонова
Психолог
Кутмандуу күн!
Биздин психика бир күндүн ичинде тонналаган маалыматты иштеп чыгат. Адам өзү эстеп калганга караганда көбүрөөк информацияны угуп, көрүп кабыл алат.
Уйку – бул акысыз психотерапия. Уктап жатканда биздин психика түш аркылуу түрдүү сигналдарды бериши мүмкүн. Коркунучтуу түштөр, сиздин реалдуу жашоодо да бир нерседен коркуп, санааркап, же депрессия болуп жаткандыгыңыздан улам пайда болот.
Кадимки тиричиликте сизди чоочуткан, же психикага доо келтирген терс көрүнүштөр менен аң-сезим түш аркылуу күрөшүүгө аракет кылып жатат.
Кара кишинин сөлөкөтү реалдуу жашоодо сиздин тынчыңызды алган адамдын образы болушу мүмкүн. Сизди чынында эмнелер коркутат анализдеп, көрүңүз.
Бул абалдан чыгуу үчүн психиканы бир калыпка келтирүү зарыл. Терапевт же психиатрга кайрылып консултация алып көрүңүз. Балким эс алдыруучу (успокоительтные) препараттарды жазып беришет.
Ошондой эле психологго да кайрылса болот. Ал аң-сезимдин түпкүрүндө жаткан тынчсыздануу жана коркуу сезимдери менен күрөшүүгө жардам берет.
Ийгилик! Уйкуңуз тынч болсун!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.