// //

Жолдошум мага сүйлөбөйт, эркелетпейт. Психолог кеңеш берет

2019.09.05, 10:38
1682

Менин жашым 21де. Турмушка чыкканыма 1 жыл 8 ай болду. Бир кызыбыз бар. Жолдошумдун мүнөзү аябай оор. Мага такыр сүйлөбөйт, эркелетпейт. Көп учурда кагып, сөгүп салат.

Көңүлүм калып, аны менен жашагым келбей калды. Күндө ыйлайм. Кетип калайын дейм, бирок ата-энеме кантип айтам?

Мен өзүм жоошмун, катуу сүйлөбөйм. Күндө эмне болсо ошонун баарын жолдошума айтам. Бардыгы анын уруксаты менен болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.09.2019, 10:43

Мария Самсонова

Психолог

Сиздин үй-бүлөңүз азыркы тапта кризисти баштан кечирип жаткан чагы. Бул учурда көңүл калуулар болуп, андан ары бирге жашоо мүмкүн эместей сезилет, түрдүү конфликттер пайда болот. Мунун бардыгы жаңы жашоо образына көнүшө албагандыктан улам келип чыгууда.

Кызыңыз дале кичинекей экен. Силер биринчи жолу апа жана ата ролуна кирип жатасыңар. Бала төрөлгөндөн кийин көпчүлүк түгөйлөр мамилесиндеги бир катар кыйынчылыктардан өтүшөт.

Күйөөңүз эмне үчүн сиз мурункудай бардыгын жетишип кылбай, эмне үчүн ага аз көңүл бөлүнүп жатканын түшүнбөй, нааразы болуп жаткан болушу мүмкүн.

Ал эми сиз бала багып, түнкүсүн чала уктап, гормоналдык фон калыбына келе элек болгондуктан кыйналып жатасыз. Ортоңордогу жыныстык жашоо мурункудай болбой калган, үй-бүлөнүн материалдык абалы да өзгөрдү, жаңы чыгашалар пайда болду. Мунун бардыгы майда таарынычтардын жана нааразычылыктардын пайда болуусуна алып келет.

Балаңыз бир аз чоңойгондон кийин, жеңилдей түшөсүз. Кризистик учур өтүп, үй-бүлөлүк жашоо өз нугуна келет. Ар бир үй-бүлө бул жолду басып өтөт. Жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүп сезимдериңиз, маанайыңыз тууралуу билдириңиз. Биргеликте бир чечимге келиңиз.

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт