// //

Соттун чечимине макул эмеспиз. Эмне кылсак болот?

2019.09.03, 15:13
1338

Бир жарым жыл мурун турмушка чыккам. Ушул жылдын апрель айында кыз төрөдүм. Мурда турмушка чыккан эмесмин. Ал эми жолдошумдун биринчи турмушунан бир кызы бар, 6 жашта. 2014-жылы ажырашып кетишкен, ушул убакка чейин ай сайын 7 миң сомдон алимент төлөп келет. Андан сырткары маянасынан да алиментке берип турат. Ошондо ай сайын 10 миңден ашык акча төлөйт. Жолдошум  жумушунан үй алууга 4-5 жыл мурун кезекке туруп, кезеги былтыр келип ипотекага 15 жылдык мөөнөтү менен үй алдык. Үйдүн акысына ай сайын 15 миң сомдон кармап калып турушат. Эми ипотекага да алиментке да акча бергенде өзүбүзгө 3 миң кээде, 5 миңге жетпеген акча чыгып кыйналып жатабыз.

Анан мурда алиментти кесип берген сотко, кызыбызга да алименттин жарымын бергиле деп арыз жазсак сот биз тарапка чечип, алиментти бизге да, тиги кызына да төлөсүн деп чечим чыгарып берген. Сот процессине мурунку аялы басып келген эмес, үйүнө сотко чакырууну алып барганда 3 жолу тең алдым деп, биринде ата-энеси, биринде өзү кол коюп берген.

Эми болсо,  мени сотко чакырбай туруп менин макулдугумсуз чечим чыгарышыптыр, алимент мурдагыдай 25% бойдон калсын, соттун чечимине макул эсесмин деп арыз жазып салгандыктан мурдагы чечимди жокко чыгарып салышты. Анын  Е.Г.Ш  аттуу эжеси Бишкек шаарындагы райондук соттун судьясы. Буга чейин да ошол эжеси  соттук процесстерге кийлигишип сиңдисинин пайдасына чечип берип келген. Эми да ошентип койсо 18 жыл бою 3000 сом айлык менен жашайбызбы деп коркуп жатабыз. Биз тарапка чечип берген судьяны алмаштырып ордуна башка судьяны коюшуптур, ал судья мурунку соттун чечимин жокко чыгарып салды. Мыйзам боюнча алимент алганга укугубуз бар экенин билебиз. Бирок эми сот тигилердин пайдасына чечип койсо анда кайра-кайра соттун чечимине макул эмесмин деп арыз жазсак болобу? Кайда кайрылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.09.2019, 15:13

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Алиментти азайтуу боюнча үй-бүлө кодексинин негизинде сот чечим чыгарат. Азыр жолдошуңузга тапкан акчасынын төрттөн бирин төлөсүн деп чечим чыгарып берген.

Бул чечимди үй-бүлөлүк турмушум өзгөргөнүнө байланыштуу деп сотко кайрылса, сот туура деп тапса өзгөртүп берет, эгер туура эмес деп тапса өзгөртүлбөйт. Бул маселени сотко кайрылып гана чечүү керек.

Эгер сотко ишенбестик кылып, сот туура эмес чечим чыгарып берет деп, соттон баш тартып күмөн кылсаңыз, анда сот баш тартууңарды да карап чыгат. Ал үчүн негиз болушу керек. Мисалы, иш боюнча кызыктарбы же жакын тууганыбы ж.б

Кызыңызга 50 пайызын бөлүп бербейт, себеби сиз жолдошуңуз менен жашап жатасыз.

Кайрадан арыз жазгыла, ипотекага үй алганыңарды, кыйналып жашап жатканыңарды арызга далил катары топтоп, тиркегиле.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
А
Акыл Матаев
20.09.2019, 10:51

Мен Нарындан келип Таш Добо айлында жалгыз жашап атканыма беш жыл болду квартирада жашайм экинчи группадагы индвалидмин . Убактылуу жашаган жерден жардам райсобес аркылуу алсам болобу. Жашым 61де иштей албайм. Пенсия аз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт