Ачуум тез келип, адамдар менен бат урушам. Психолог кеңеш берет
Саламатсыңарбы Bilesinbi.kg сайты. Мен үй-бүлөлүүмүн, 3 балам бар. Турмушубуз жетиштүү, жакшы жашайбыз. Үй-бүлөдө уруш-талаштар боло берет, бирок баарына өзүм күнөөлүүмүн. Кыялым начар. Тез ачуум келип, адамдар менен бат урушам. Бирок андан кийин кайра жаман болуп өзүмдү жемелеп, күнөөлөйм. Айланамдагыларды бактысыз кылып жатам. Пессимистмин. Кантип өзүмдү жакшы көрө алам?
Эльвира Чокоева
Психолог
Кутман күн!
Адамдын психикасы ушундай түзүлгөн жаман же жакшы эмоциясы болбойт. Ар биринин кандайдыр бир максаты, аткара турган ролу бар.
Сиз алгач үй-бүлөм жакшы, жакшы турабыз деп жазып, андан кийин өзүңүздүн мүнөзүңүздү жамандап жатасыз. Көп ачууланып, урушуп, анан кайра күнөөлүү болуп калат экенсиз. Билесизби, ачулануу жөн жерден пайда болбойт. Бул жеке чек араны коргой турган эмоция. Балким сиздин жашооңузда сизди такыр канаатандырбаган бир нерсе бар? Ошону түшүнүүгө аракет кылыңыз.
Ички сезимдериңизди байкап көрүңүз. Бир нерсени каалап жатасыз, бирок көптөн бери жетпей жүргөн максатыңыз же тилегиниз барбы? Өзүңүзгө жетиштүү көңүл бурасызбы? Ден соолукка, сырткы келбетке, хоббиге, эс алууга?
Үй-бүлөңүздүн жашоосуна кайын журт кийлигишип, сиз өзүңүздүн укугуңузду, жеке территорияңызды коргоп жаткандан ачууланышыңыз мүмкүн. Кыскасы ойлонуп, байкап көрүңүз.
Өзүн күнөлүү сезүү сезими, өзүңүздү жемелегенден, урушкандан улам пайда болот. Ошентип эмоцияларыңыз бир айлампада айланып жүрө берет.
Эмне үчүн аялдар өздөрүнүн кызыкчылыктарын курмандыкка чалат. Анын терс жактары жана Өзүн-өзү сыйлаган аялдын 13 белгиси макалаларды окуп көрүңүз. Бул маалымат сиз азыр кайсы тарапта жүргөнүңүздү тушүнүүгө жардам берет.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.