Баламдын буту май таман, кантип дарылаш керек? Ортопед жооп берет
Баламдын таманы тегиз, басканда кыйналгандай басат. Отуруп-турганда бутум ооруйт дейт. Кантип дарылаш керек?
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, ортопед-травматолог
Балаңыз 12ге чыга элек болсо, май таманды оңдосо болот. Ал үчүн
- атайын ортопедиялык батек кийүү керек
- атайын дарылоочу гимнастика жасоо керек
- түз эмес жерден (кум, көлдүн жээги, көк чөп) жылаңайлак бастыруу керек
Ошондой эле кадимки айнек бөтөлкөнү алып, тамандын алдына коюп, ары бери түртүү да жакшы көнүгүү.
12 жаштан өтүп калса, калыбына келтирүү кыйын болуп калат. Анда ортопедиялык батектерди тынымсыз кийүүсү шарт.
Убагында дарылап, чара көрбөсө буту Х формасында калыптанып, таманга күч келип кийин муун оорууларына алып келет. Тизе, жамбаш жана бел ооруйт. Кыздар кош бойлуу болгондо кыйналышат. Салмагы жогорулат бутуна күч келип, кан тамырлары кеңейип варикоз оорусуна себепкер болот.
Убакытты өткөрбөй сөзсүз ортопедке баланы көрсөткүлө!