Шылуундар WhatsApp’тан кантип тузакка илишет? 5 мисал
Bilesinbi.kg шылуундар WhatsApp’тан кантип тузакка илээрин кеңири таркаган бир нече мисалдар менен көрсөтүп берет. WhatsApp шылуундарынын курмандагы болуп, акчаңыздан айрылууну каалабасаңыз, сөзсүз төмөндөгү материал менен таанышып чыгыңыз.
1-тузак: Эки көк галочканы кантип өчүрсө болот?
Шылуундар WhatsApp’тын эки көк галочкасынан да пайда көрүүнү аракет кылышат. “Катты окуганыңыз билинбесин десеңиз, эки көк галочка функциясын өчүрүп койсоңуз болот” деп белгилүү бир сервиске шилтеме берген кат жөнөтүшөт. Бул кызматты колдонуп көрүүнү чечкен колдонуучулар, билбестиктен кымбат SMS-сервиске туташып, жакшы эле суммадагы акча төлөп беришет.
2-тузак: WhatsApp шпион
Шылуундар сизге WhatsApp’тагы контактарыңызга көз салып, алардын жазышкандарын окуп, сүйлөшкөндөрүн угууга мүмкүнчүлүк берген программаны сунушташат. Өтө ишенгич адамдар бул программаны колдоном деп, көп суммага жыгылат. Эсиңизде болсун, бирөөнүн сүйлөшүп, жазышкандарына шпиондук кылуу мүмкүн эмес.
3-тузак: Элде жок быйтыкчалар
WhatsApp’ка келген “Сиз үчүн гана өзгөчө быйтыкчалар” деген жарнаманы көрүп, сервисти жүктөсөңүз, кат жөнөтүү үчүн акы төлөнүүчү кызматты кошуп аласыз. Мындайча айтканда, бекер кат жөнөтүүнүн ордуна, эми ар бир билдирүү үчүн акы төлөйсүз.
4-тузак: Укмуштуудай арзандатуулар
Сизге белгилүү бир супермаркетте же дүкөндөрдө арзандатуулар, акциялар болуп жаткандыгы тууралуу шилтеме келет. Бирок, бул кызматты колдонуу үчүн бир нече суроолорго жооп беришиңиз керек. Макул деп шилтемени бастыңыз. Бул учурда дароо шылуундардын колуна түшүргөн белгисиз бир сайтка кирип каласыз.
5-тузак: WhatsApp’ка жазылуу мөөнөтү бүттү
Шылуундар колдонуучуларга WhatsApp’ты пайдалануу мөөнөтү жакында бүтөөрү тууралуу кат жөнөтүп, “эгер WhatsApp өчүп калбасын десеңиз, кошумча мөөнөткө акы төлөңүз”, - деп, шилтеме жөнөтүшөт. Мессенджер толук акысыз экенин билбегендер, шилтемени дароо ача калып, акчасынан айрылышат.
Эскертүү! Жүктөп жаткан программаларга жакшылап көңүл буруңуз. Тиркемелерди кооптуу булактардан эмес, Google Play менен App Store’дон жүктөңүз. Бекер сыр капканда гана болот. Ошондуктан, арзандатууларга, купондорго алданбаңыз. Смартфонуңузга жакшы антивирус орнотуп коюңуз.