Сүйлөшкөн кызымдын баласы бар, ошондуктан ага үйлөнө албайм
Жашым 20да. Сүйү бул кандай сонун нерсе э? Эч нерсеге карабай жананда болгуң келет.
Досум туулган күнүнө чакырган. Экөөбз ошол жактан тааныштык. Жылдызыбыз келишип, көпкө сүйлөшүп отурдук. Кечеден кийин үйүнө чейин узаттым.
Ошо күндөн тарта сүйлөшүп баштадык. Окүнүчтүүсү, ал кыз күйөөдөн чыккан. 5 айлык кызы бар. Ага карбай күндө жолугуп турабыз. Кичинекей кызына да кабатыр болуп, улам чалып сурап турчу болдум.
Бирок, мен үйдүн жалгыз уулумун. Ал кызга баш кошорумду айтсам, үйдөгүлөр каршы болору турган иш.
Эмне кылсам? Мага кеңеш бергилечи?
Эльвира Чокоева
Психолог, @elvira_psiholog
Кутман күн!
Кат жазганыңыз үчүн рахмат
Жазгандарыңызга караганда, сүйлөшүп жүргөнүңөргө аз эле убакыт болуптур. Сүйүүгө мас болуп, маселелерге объективдүү карай албай турган чак. Алдын ала чечим чыгаруунун зарылчылыгы жок. Экөөңөр тең жашсыңар, силерди шаштырган эч ким жок да туурабы?
Башкысы өзүңүз менен өзүңүз чынчыл болуңуз.
Төмөнкү суроолорго ачык жооп бериңиз:
- Сүйлөшкөн кызыңызга баш кошо турган болсоңуз, аны жана анын баласын материалдык жактан толугу менен камсыздоого даярсызбы? Үй-бүлө, наристе бул чоң чыгашалар: тамак-аш, кийим-кече, доктурга көрүнүү, дарылануу, бала бакча ж.б.
- Сиз сүйлөшкөн кызыңыз жана анын баласы үчүн жоопкерчиликти өз мойнуңузга ала-аласызбы?
- Баш кошо турган болсоңуз кайсы жерде жашайсыз?
- Сиз үчүн башкысы бактылуу болуу же ата-эненин батасын алуу чечүүчү фактор болуп эсептелеби?
Бул суроолорго алдын ала так жооп берип, бир бүтүмгө келиңиз.
Андан тышкары сүйлөшкөн кызыңыздын ажырашуусунун анык себебин билүү керек. Бул кадамга барууга олуттуу себептер болгондур. Бир эле тарапты күнөөлөгөн туура эмес. Көпчүлүк учурда экөөндө тең айып бар болот.
Башкысы, ашыкпаңыз, шашылбаңыз. Жети өлчөп бир кесиңиз.
Ийгилик!
Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.