// //

Кош бойлуумун, геморрой кыйнап жатат. Эмне кылсам болот? Гинеколог жооп берет

2019.08.23, 10:58
5332

Саламатсызбы. Менин боюмда бар, 9 ай болуп калды. Геморрой чыгып, кыйнап жатат. Төрөткө эч кандай таасири тийбейби? Эмне кылыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.08.2019, 11:00

Машхура Ишмухамедова

Гинеколог

Геморрой – бул көтөн чучуктун айланасында кан тамырлардын сезгенүүсү, кеңейип кетүүсүнөн улам пайда болгон геморроидалдык түйүндөр.

Геморройду сөзсүз дарылоо керек. Төрөттүн өзүнө таасири тийбейт. Бирок ага чейин оору күчөп, андан кийин дарылоо көп убакытты жана каражатты талап кылат.

Кош бойлуу айымдардын организми мурункудан 30%га көбүрөөк кан жүгүртөт. Ошого байланыштуу ага күч келип кан тамырларга байланышкан варикоз, геморрой сыяктуу оорулар күчөйт.

Бала салмак кошкон сайын жатын да чоңоюп, жоон ичеги менен көтөн чучукту кысып, күч келтирет. Ал жерде кан уюп, кан тамырлар кеңейип, бара-бара геморроидалдык түйүндөрдү пайда кылат.  

Сөзсүз проктологго көрүнүп эртерээк дарыланыңыз.

Андан тышкары тамактанууңузга көңүл бөлүңүз.

  • Күнүнө 3-5 жолу аз-аздан тамактаныңыз.
  • Куурулган, ачуу, майлуу тамактарды кескин азайтыңыз.
  • Фастфуд, газдалган суусундуктар, консерваларды рациондон чыгарып салыңыз.
  • Бир күндүн ичинде 1,5-2 литр суюктук ичиңиз.
  • Сүт азыктарын көбүрөөк колдонуңуз.
  • Кан тамырларды бекемдөөчү жемиштерди жеңиз. Мисалы: кызылча, капуста, сабиз, салаттын жалбырактары ж.б.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

Геморрой менен түз ичегинин рак оорусунун белгилери окшош бул жактан окуңуз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт