Ажырашкандан бери чүнчүп кеттим. Өзүмө кантип жардам бере алам
Bilesinbi.kg окурмандардын анонимдүүлүгүн сактап эксперттерден жооп алып берет. Ажырашкандан бери чүнчүп кеттим, деген Жаркынайдын (аты өзгөртүлгөн) суроосуна психолог Эльвира Чокоевадан кеңеш алдык.
Кичинекейимен эле оор басырыктуу болчумун. Ажырашкандан бери чүнчүп кеттим.
Баары: Эмне мынча аз сүйлөйсүң? Сүйлөбөйт экенсиң э? Аябай түнт экенсиң. Неге күлбөйсүң? –дей беришет.
Жакында эле бир жигит менен таанышып калдым. Башында интернет аркылуу жазышып жүрдүк, кийин жолугууга көндүрдү. Эки жолу жолуккандан кийин менден алыстай баштады.
Себебин сурасам, сен аябай ыймандуу, таза жүргөн кыз экенсиң. Мен сага тен эмесмин, жаман баламын, деди. Ошондон бери өлүп алгым келип жүрөт.
Мен ачылып сүйлөбөгөнүмдөн, уялып, кысылып отурганымдан улам, ушундай ойлорго келди. Бул кемчиликтеримди билем, бирок өзүмдү өзгөртө албайм.
Психологдон кеңеш алып бериңизчи, кандай курстарга же тренингдерге барсам болот?
Эльвира Чокоеванын жообу:
Кутман күн!
Сиз катыңызда жалаң башкалардын сиз тууралуу айткан пикирин жазыптырсыз. Айланадагы адамдар: сүйлөбөйсүң, түнтсүң, маанайың жок деп айта бергендиктен, “менде кандайдыр бир кемчилик бар”, - деген ойго ишенип алгансыз.
Сиздин өзүңуз тууралуу жеке оюңуз кандай? Капа болгондо, кубанганда, ачууланганда өзүңүздү кандай алып жүрөсүз? Жүрүм турумуңуз өзгөрөбү? Эмне болгондо же кандай учурда уяласыз, байкап көрдүңүз беле?
Мени таң калдырганы, бир жигит менен болгону эки жолу жолуккандан кийин эле, өлүм тууралуу ойлонгонуңуз. Сиз аны такыр билбейсиз да, тааныбайсыз да туурабы?
Уялуу сезими көбүнчө өзүнө-өзү ишенбестик сезими менен эриш-аркак жүрөт. Ошондуктан алгач өзүңүзгө болгон ишенимди жогорулатуу зарыл.
Ал үчүн төмөмнкү 5 кадамды сунуштайм:
- Таза баракка мыкты деп санаган сапаттарыңызды, артыкчылыктарыңызды жана таланттарыңызды жазып чыгыңыз. Так ошол сапаттарыңызды жана таланттарыңызды өркүндөткүлө. Мисалы Пушкин адабиятка болгон шыгын өстүрбөй математик болуп кетсе, дүйнө жүзү укмуштуудай таланттуу акындан кур калмак.
- Адам менен сүйлөшүп жатканда кебетем кандай, туура сүйлөп жатамбы, деп ойлонбостон көңүлдү толугу менен сүйлөшүп жаткан адамга буруңуз. Активдүү угарман болуңуз, суроолорду бериңиз. Эмне деп сүйлөп жатат? Эмне жөнүндө ойлонот? - сурап кызыгыңыз.
- Комфорт зонасынан чыгуу зарыл. Көчөдө баратып деле, адамдардан көчөнүн аталышын, баланча жерге кантип барам, же кайсы маршрут жүрөт, деп сураңыз. Мындай көнүгүүлөр өзүңүзгө болгон ишенимди калыптандырат.
- Эгер ачылып, эмоцияларга эркиндик бергим келет десеңиз жаңы бир нерселерди жасап көрүңүз. Мисалы театралдык студияга же оратор чеберчилиги курстарына жазылыңыз. Бишкекте кыргызча жана орусча курстар бар.
- Ийгиликтерди жана жетишкендиктерди баяндап жаза турган күндөлүк ачыңыз. Кичинекейден баштаңыз: мейли дүкөнчү менен сүйлөшөсүзбү же даамдуу тамак жасайсызбы. Өзүңүздү мактап, мен азаматмын, жакшы иш жасадым, деп көңүлду көтөрүү керек. Күндөлүккө жазгандарды жатаарда окуп туруңуз. Өзүңүздү баалап, кам көрүңүз. Акырындык менен чоң жетишкендиктерге жетишесиз.
Жаңылып калам деп коркпоңуз. Эч нерсе кылбаган адам гана жаңылбайт.
Ийгилик каалайм!
Эльвира менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.