Көзүмдүн айланасына ак угрилер чыгып кетти, кантип кетирем? Косметологдун жообу
Саламатсызбы, 2 жыл мурун көзүмдүн тегерегине ак угрилер чыгып, такыр кетпей койду. Эмне кылып кетирсем болот?
Аида Аскеева
Косметолог
Саламатсызбы окурман. Сиз айтып жаткан ак угрилер “жировик” болсо керек. Медицина тилинде “липома” деп аталат.
Алар оорубайт, кычышпайт жана эч кандай ыңгайсыздык жаратпайт. Болгону эстетикалык жактан жагымсыз. Көбүнчө көздүн тегерегине, мурунга чыгат.
Пайда болуу себептери түрдүү:
- организмдеги зат алмашуу процессинин бузулушу;
- боор, бөйрөк оорулары;
- жаңы төрөлгөн ымыркайларда (2-3 айда жок болот);
- өспүрүм куракта, гормоналдык өнүгүү учурунда;
- климакс учурунда, айрым гормоналдык функциялар өчкөндө
- кан диабети менен ооруганда, ж.б. башка учурларда пайда болот.
Диетага отуруп, майлуу, куурулган тамактарды күнүмдүк рациондон алып салуу керек.
Косметологдор механикалык тазалоону сунушташат. Башкача айтканда, атайын стерилдик инструменттер менен колдонуп, липомалар сыгылат. 3-4 процедура жасатуу зарыл.
Андан тышкары хирургиялык кийлигишүү аркылуу же лазер менен кетирүү жолдору да бар.