Икер Касильяс, футболист: “Оюн алдында байпагымды тетири кием”
Аты-жөнү: Икер Касильяс Фернандес
Лакап аты: Икермен, Сан-Икер, Ыйык
Туулган жылы: 1981-жыл, 20-май, Мостолес, Мадрид, Испания
Позициясы: Дарбазачы
Жеңиштери: Дүйнө чемпиону жана эки жолку Европа чемпиону, “Реалдын” курамында ойногон кезде 5 жолу Испания чемпионатын, 2 жолу Испания Кубогун, 4 жолу мамлекеттин Суперкубогун, 2 жолу УЭФАнын суперкубогун жеңген.
Сыйлыктары: МФФИИСтин тандоосу менен дүйнөнүн мыкты дарбазачы сыйлыгынын 5 жолку, Браво, Самор трафеясынын жана ЮАР дүйнөлүк чемпионатта “Алтын кол кап” сыйлыктарынын ээси.
***
«Оюн башталаар алдын ар дайым эки нерсени кылам: биринчи, байпагымды тескери кием, экинчи, дарбазанын темирин кармайм.»
***
«Футбол ойноо –бул артыкчылык деп ойлойм.»
***
«Мен көп ката кетирдим, бирок, мен алардын үстүнөн иштөөнү токтоткон жокмун.»
***
“Футбол –адамдарды бактылуу кылат.»
***
“Таланттуу адамды ийгилик коштоп жүрөт. Бирок, ийгилик күтүлбөстөн кетип калышы мүмкүн, андай учурда талант калат.”
***
“Футболисттин милдети- машыгуу, туура тамактануу, жакшы уктоо жана кесибин сүйүп, жеңишке умтулуу.”
***
“Эң жагымсыз нерсе бул - жек көрүү. Көп адамдар сен жөнүндө сүйлөгөндү жактырат, бирок, ичинен түшүнүктүү көрүүчүнү чанда гана тапса болот.”
***
“Тренер эч качан урушпайт, ар дайым жол көрсөтүп турат. Анын критикасы дайыма позитивдүү.»
***
“Балдарым фигурист болгусу келсе, каршы болбойм. Тек гана алардын бактылуу болушун каалайм.”
***
“Жашым өтсө да, футбол менен алек болгум келет. Ким менен, кайсыл жерде билбейм - бирок, оюнда болгум келет.”