// //

Эмне үчүн кыздарга сапаттуу билим берүү керек?

2019.08.13, 14:54
2145

Аялдар үчүн сапаттуу билим бул социалдык лифт, экономикалык көз карандысыздык жана үй-бүлөдөгү зомбулуктан чыгууга жардам бере турган мүмкүнчүлүк. Эмне үчүн кыздарга татыктуу билим берүү керек деген суроо боюнча эксперттердин пикирин уктук.  

Bilesinbi.kg сайтына үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндер көп кайрылышат. 20 келиндин ичинен 4дө гана атайы кесиптик же жогорку билими бар, калгандары 9-11 классты эле бүтүрүшкөн. Алардын бири Анара (аты өзгөртүлгөн) өз арманы менен бөлүштү.

Билимим болгондо бардыгы башкача болмок...

Анара  11 бир туугандын тогузунчусу. Мектепти бүтүргөн. Андан башка билими жок, себеби аны ала качып кетишкен. Эч жерде иштеген эмес. Өмүр бою үй кожойкеси болуп келген.

Мен билим албай калганыма аябай өкүнөм. Атам кыздарды окутуунун кереги жок деген пикир менен жашаган. Өмүр бою билимимдин жоктугунан жабыркап келем.

Баш кошкон күндөн тартып жолдошуман көз карандымын. Өзүм каалган нерсени сатып ала-албайм, эч нерсени пландаштыра албайм. Жолдошум ичип, мени урса дагы мындай мамилесине чыдап жашоого аргасызмын. Себеби, менде билимим жок, жумушум жок. Өз алдынча жашап кетээриме көзүм жетпейт. Балдарым менен кайда бармак элем? Алардын тагдырын ойлойм.

Балдарым үчүн, алардын жетиштүү турмушта жашоосу үчүн өзүмдү курмандыкка чалдым. Ушундай жашоого аргасыз болдум.

Балким билимим болгондо бардыгы башкача болмок, билбейм.

Рита Карасартова, саясатчы

Аялдар күйөөсүнөн көз каранды болуп, майда барат нерселерге деле “акча берчи” деп сураганы туура эмес. Чачымды жасатам, маникюр кылам десе, күйөөсү “үйдө отурасың, жасатып, акча коротуунун кереги эмне”, деши мүмкүн.

Ошондуктан кыздар сөзсүз билим алып, билимге, өз алдынча иштегенге умтулушу керек. Ата-энем шарт түзүп берген жок, окутпай койду, деп отура берген болбойт. Азыр интернеттин заманы, колуңда телефонуң бар болсо эле мүмкүнчүлүктөр толтура.  

Курманжан датка апабыз деле, атасынын сөзүнө көнгөн эмес, мен мындан чоңураак нерсеге татыктуумун, деп ойлогон. Өзүнүн эрктүүлүгү, акылмандыгы менен аты тарыхта калды.

Азыр эми заман башка. Технологиялар укмуш өнүккөн, билимди үйдө отуруп интернет аркылуу деле алса болот. Түрдүү программалар абдан көп. Биздин кыз-келиндер келечекте чоң бийиктиктерге жетишет деп ишенгим келет.

Лариса Илибезова, гендер боюнча эксперт

Сапатуу билим бул эртеңки күнүңө болгон ишеним. Билими бар аял ага карата болгон басынтууга, зордук-зомбулукка чыдап отурбайт. Себеби экономикалык жактан көз карандысыз экенин билет.

Биз азыр үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдар менен иш алып барып жатабыз. Аларга жумуш таап бергенге да аракет кылабыз. Билими жок аялдар бала кароочу, идиш же пол жуучу деген кызматтарда гана иштей алат.

Мындай жумушта иштеген аялдар эч качан экономикалык эркиндикке жете албайт. Башкача айтканда алар үй сатып ала-албайт, балдарына жогорку билим бере албайт.

БУУнун балдар фонду жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык:

  • Билимдүү энелердин балдарынын ден-соолугу жакшыраак болот. Себеби көп маалымат алып, учурунда кам көрөт, эмдөөнү өз маалында жасатат.
  • Билимдүү энелердин балдары салыштырмалуу эрте өнүгөт жана мектепте жакшы жетишкендиктерди көрсөтө алышат. Анткени, билимдүү энелер балдарынын өнүгүүсүнө, сапаттуу билимине инвестиция кылуу керек экенин жакшы түшүнүшөт.
  • Билимдүү энелердин балдары психологиялык жактан азыраак жабыркашат. Себеби баланын эмоционалдык абалына да маани берип, алар менен гармониялуу мамиле түзүүгө умтулушат. Үй-бүлөдө зордукка кабылган бала коомдун толук кандуу мүчөсу боло албай турганы аларга белгилүү.

Өнүккөн мамлекеттер аялдардын билим алуусуна кызыкдар. Себеби өлкөнүн экономикасы түздөн-түз алардын билим деңгээлине байланыштуу.

Адамды татыктуу инсан кылып чоңойтуу мамлекеттин башкы функциясы. Ал эми билими жогору коомдун мүчөсүн кадимки энелер тарбиялап чоңойтот. Алдыңкы технологиялардан кабары жок, башкалар менен мамиле кура албаган, түркөй калктын мамлекети өнүгүп-өсөрүүнө ишенүү мүмкүн эмес. Андыктан кыздарга, болочок энелерге билим алуу үчүн бардык шартты түзүп берүү зарыл.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт