38 бала рактан айыкты

2018.01.31, 12:12
902

Тилекке каршы, Кыргызстанда жылына онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын саны дарыгерлер тарабынан аныкталуунун негизинде 10-15ке өсүп жатат. Оорунун негизги себеби социалдык абалдын начарлыгы. Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиева балдардын онкологиялык оорулары туралуу маек куруп берди:

Рак-генетикалык оору

Рак-бул инфекция эмес, генетикалык оору. Бардыгыбыз рак клеткалары менен төрөлөбүз. Бул коркунучтуу клеткаларды активдүү кылууга ГМО, радиация, токсиндик дарылар, антибиотиктер, инфекциянын бардык түрү, стресс таасирин тийгизет. Сасык тумоонун вирустары дагы ракты козгойт. Ооруган балдардын көбү орто турмуштагы, ата-энеси жанында болбогон, жетиштүү кароого алынбагандар. Аялдарыбыздын боюнда болгондо өздөрүнө кам көрбөй иштеп жүрө бериши, вирустук оорулар менен оорушу түйүлдүктөгү балада ракты пайда кылат.

40 бейтапка 1 дарыгер

Рак илдетинен 2016 –жылы 21, 2017-17 бала каза болду. Салыштырмалуу 4 балага аз болгонуна карабастан ар бири менен аягына чейин иш алып барабыз. 4 жыл мурун 40 балага 1 дарыгер болсо, бүгүнкү күндө 10 дарыгер бар. Айлык маяналар жөнүндө айтып өтсөм, орточо эсеп менен 6-7 миң сомдун тегереги. Жаш кадрларыбызды жаңы методикаларды өздөштүрүүгө жана кесиптик тажрыйбасын арттыруу максатында Түркия, Россия өңдүү өнүккөн мамлекеттерге жиберип турабыз.  Дарыгерлерибиз өз кесибин сүйгөн адамдар, күнү-түнү бейтаптын жанында болушат. 2016-жылы 217, 2017- жылы 230 бала келип түштү. Жылына 10-15ке көбөйүп жатат.

38 бала рактан сакайды

Кичинекей балдардын 40-50 пайызы лейкоздун миелобластык, лимфобластык түрлөрү менен оорушат. Рактын дарылоого баш ийбеген түрлөрү бар. Мындай учурда баланын жашоосун узартууга болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Москва, Германия, Турция мамлекеттери колдонгон жаңы протоколдорду киргиздик. Ага ылайык, өткөн жылы 44 баланы дарылоого алдык. Жыйынтыгында 38 бала аман калды. Тилекке каршы рецидив болгон алтоону жоготуп алдык.

Ракка диагноз коюу кыйын

Бизге балдар оорусу өрчүп, 4 стадияга жетип калганда кайрылышат. Башында рак экени билинбейт. Башка оорунун белгилери сыяктуу башталгандыктан, алгачкы стадияларында диагноз коюу кыйын. Ал үчүн баланы тез-тез педиатрларга алып барып, профилактикалык көзөмөлдөн өткөрүп туруу керек. Кээде оору капыстан келет.

Бир курс дарыланууга 7-10 миң доллар керек

Өнүккөн өлкөлөр активдүү иштеп жаткандыктарына карабастан, дарысы табыла элек. Колубузда болгон мурунку химиялык дарыларды колдонуп жатабыз. Дарылар абдан кымбат. Бейтаптын ата-энесинен сатып алууга чамасы келбейт.

Бир курс дарыланууга орточо эсеп менен 7-10 миң доллар керек. Оорулуу балдарыбыз мамлекет карамагына алынат. Керектүү дарылар жок болуп калса фонддор жардамга келет. Рактан арылуу үчүн чет мамлекетке баргандын кереги деле жок. Биз иштеп жаткан жаңы протоколдорго ылайык, ал жакта деле биздикиндей ыкмалар колдонулат.

Рактан сакайып кетүүгө мүмкүн

10-20 жыл мурун рак-бул өлүм деп айтмакпыз. Бүгүнкү күндө бул пикирибизден баш тарттык. Медицинанын илгерилеши бизге түшкөн балдардын 70-80 пайызынын өмүрүн сактап калууга өбөлгө болуп жатат. Жаңы протоколдор, технологиялар, түрдүү методикалар пайда болду. Бир палатада бир оорулуу жатса, талапка жооп берген шарттар менен дарылар жетиштүү болсо бейтаптардын сакайып кетээрине кепилдиктер бар. Тилекке каршы, 20-30% сактай албай калышыбыз мүмкүн.

Ата-энедеги үмүт, илдеттен арылууга жардам берет

Ракка чалдыккан баланын ата-энеси үчүн бул чоң трагедия. Биз аны түшүнөбүз. Биринчи баланы дарылоодон мурун, ата-энесин дарылоо керек деген нерсе бар. Бала энеге ички дүйнөсү менен өтө жакын. Андыктан энедеги үмүт, бул коркунучтуу дарттан арылууга жардам берет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт