// //

Балага акча берип үйрөтүү керекпи? 5 суроого жооп

2019.07.31, 17:06
3410

Балага чөнтөк акча берүү керекпи же жокпу? Канча жаштан баштап берсе болот? Канчадан берүү керек? – деген суроолорго блоггер жана эки баланын энеси Юлия Хоршева жооп берди. Анын тажрыйбасы тууралуу Bilesinbi.kg’ден окусаңыз болот.

Азыркы балдар өз алдынча болууга умтулушат. Алардын интеллектиси жана потенциалы биздикинен кыйла жогору. Балдарга тарбия берүүдө эмгекчил, чынчыл, ыймандуу болууну үйрөтүү жетишсиз. Ата-эне баласына финансылык сабаттуулук тууралуу дагы түшүнүк берүүгө милдеттүү. Кенедей кезинен каражатты туура пайдаланып, туура бөлүштүрүп, акчанын баалуулугун билиши керек.

  1. Канча жашынан баштап?

Санаганды билип калган балдарга бере баштаса болот. Эң ынгайлуу учур мектепте окуп калганда. Өзүмдүн балдарыма 9 жашынан тартып чөнтөк акча бере баштадым.

  1. Канчадан берүү керек?

Менимче сумма өтө чоң эмес, ошол эле учурда өтө аз болбошу керек. Сиз берген акча бир нерсе сатып алууга жарасын, же чогултуп, чоңураак буюм алганга жетсин. Мисалы оюнчукка. Мен жумасына 100 рублдан берип турууну туура көргөм.

  1. Канча убакытта бир берүү керек?

Чөнтөк акча анда-санда эмес, айлык сымал белгилүү бир күндө берилип турууга тийиш. Жума күндөрү 100 рублдан берүүнү салтка айланткам. Унутуп калсам, эскертип койгула деп, балдар менен алдын ала сүйлөшүп алуу керек. Эмнеге экенин кийинки жоопто түшүндүрөм.

  1. Акчаны ирети менен коротобуз

Чөнтөк акчаны колдонуунун тартиби тууралуу алдын ала макулдашып алган оң. Белгиленген күнү бала акча тууралуу эскертет. Эгер унутуп калып эки-үч күн өтүп кетсе, мисалы дүйшөмбү күнү эстеди дейли, ал күнү берилбейт. Келаткан бешинчи күндү күтүү зарыл. Мындай ыкма баладагы тартипти, дисциплинаны тарбиялайт. Адатта, балдар унутушпайт.

Эгер балаңыз оюнчук сатып алгысы келсе бирок жанында акчасы жок болсо, сизден карызга алып турса болот. үйгө келгенде кайтарып берет. Бул аны канча акчасы бар экенин, канчасын коротот, канчасы калат, канчасын кайтарат бардыгын эске алууну үйрөтөт. Акчага так болот.

Эгер балаңыз майда-чүйдө буюмдарга, таттууларга акчасын коротпой 500 рубль чогултса сөзсүз мактаңыз. Чоң бир нерсе алгың келсе, карызга дагы 500 бере ала турганыңызды айтыңыз. Бирок кийинки беш жума акча берилбейт.

Эмнелерди сатып алууга болбой турганын мурунтан такташып алуу зарыл. Мен мисалы чипсы, кириешки, кола сыяктуу, ден соолукка зыян азыктарды алууга тыюу салгам.

Балага жаңылууга жана жеке тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк бериңиз. Албетте башында акчаны болбогон нерселерге коротот.

Урушпаңыз! Бул сенин чечимиң, мен кийлигишпейм, деп айтыңыз. Акырындык менен, чогулган акча көбүрөөк жана пайдалуу нерселерге жарай турганын түшүнөт. Акырындык менен чогултканды үйрөнөт. Болгону убакыт керек.

  1. Эң башкысы!

Эгер бала үчүн чөнтөк акчасы жетишсиз боло баштаса, “дагы кантип акча тапсам болот?” деген суроо жарала баштайт. Бирге ойлонуп көрүп, каражат табуусуна шарт түзүп бериңиз. Иштеп тапкан акчасы ал үчүн баалуу болот. Өзүн кадимкидей чоң адам элестетет. Мындай сезим баланын өзүнө болгон ишенимин көтөрөт.

Акылдуу ата-эне болуңуз!

Маалымат mel.fm сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт