Бир жашка чейин балага кандай тамак берсе болот? Педиатр айтып берет
Кыргызстандын педиатрлары баланы 2 жашка чейин эмизүүнү сунушташат. Эненин сүтү аркылуу бала бардык микроэлементтерди жана витаминдерди ала алат. Анын үстүнө эмизүү оңой, арзан, ыңгайлуу жана пайдалуу.
Ал эми кошумча тамак берүүнү качан баштоо керек, эмнелерди берсе болот жана кандай азыктарды бергенге болбойт деген суроолорду Bilesinbi.kg педиатр, Балдардын кошумча тамактануусу боюнча улуттук тренер Эдиль Садыковго берди.
Канча айынан баштап кошумча тамак берсе болот?
Кошумча тамакты 6 айынан тартып бере баштаса болот. Алгач 1-2 чай кашыктан баштаңыз. 2-3 жуманын ичинде көлөмүн көбөйтүп бир жеген тамагынын порциясын 150 граммга чейин жеткириңиз, бул болжол менен 10 кашык.
Эмнелерди берсе болот?
Картошка, сабиз, ашкабак, брокколи жана башка жер жемиштерден жасалган пюрелер.
Күрүч, гречка, жүгөрү, сулуу жана башкалардан жасалган кашалар.
7-8 айынан баштап жогоруда айтылган тамактарга
Пюре болуп эзилген эт.
Алма, алмурут, өрүк сыяктуу мөмө жемиштерди кошсоңуз болот.
9-11 айлык баланын тамактануусу мурункудай эле. Башкы айырмасы тамакты эзип пюре кылып бербестен майда бөлүкчөлөргө туурап берүү керек. Бала кесилген алманы өз колу менен алып жегенге аракет кылсын. Себеби чайноо рефлекси иштелип чыгышы керек. Андан тышкары катуу тамак бүлөлөрүн массаждап тишинин чыгуусуна жардам берет.
Бир жаштан баштап бала чоңдордун тамагын ичүүгө жарап калат.
Күнүнө канча маал тамактанышы керек?
Бир жашка чейинки наристе күнүнө 3 маал: эртең менен, түштө жана кечинде тамактанат. Ортодон эки жолу: эртең мененки тамактан түшкү тамакка чейин, түшкү тамактан кечки тамакка чейин шам-шум этип алууга тийиш. Алма, печенье же айран берсеңиз болот.
Андан тышкары бала сураган сайын эмизип туруу зарыл.
Бөтөлкө менен тамак берсе болобу?
Жок, бөтөлкө менен тамак бербей эле койгон оң. Тамагы коюу болуп, аны кашыктап берүү зарыл. Суюк тамакта энергетикалык баалуулук азыраак, ал эми кою кашалар тоюмду.
Бала тамактанып баштагандан кийин эмизбей койсо болобу?
Баланын кошумча тамактанып баштаганы эмчектен чыгаруу керек дегендик эмес! Ар бир тамактануудан кийин эмизип туруу зарыл. Себеби, эненин сүтү бала үчүн тамактан кийин иче турган суусундук. Эмчек эмген баланын ичи катпайт, ичегидеги микрофлора бир калыпта сакталат.