Урологго көрүнгөнгө шарт жок. Мындай эле дары жазып бериңизчи? Урологдун жообу
31 жаштамын. Үйлөнгөнүмө 2 жыл болуп калды, балалуу боло элекмин. Менин тукумдарым ооруйт, заара кылганда ачышат. Күндүз жамабашым какшап муздайт. Урологго көрүнгөнгө шарт жок. Россиянын токоюнда иштейм. Мындай эле дары жазып бергилечи?
Азат Бейшенов
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, уролог
Урматтуу мырза, сизди көрбөй туруп, анализдердин жыйынтыгын билбей жана оорунун себебин аныктабай туруп дары жазып бере албайм. Кандай болгон күндө да мүмкүнчүлүк таап, урологго көрүнүңүз. Заараны анализге тапшырып, спермограммадан өтүү керек.
Сиздин көйгөйлөрүңүздү эч ким барып чечип бербейт. Шартым жок деп токойдо отура бересизби?
Балалуу болгуңуз келсе, эртерээк дарыланып баштаңыз.
Сиздин ден соолук үчүн жоопкерчилик сиздин гана колуңузда.
Уролог Азат Бейшенов менен инстаграмдагы urologyazat _kg аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.