// //

"Ширин сөздөрүнө арбалып, намысымдан ажырадым"

2018.09.25, 12:52
8521

Бир үйдүн жалгыз кызмын. Буга чейин ичимдеги сырымды эч ким менен бөлүшкөн эмесмин.

Мындан үч жыл мурун өзүмдөн 5 жаш улуу баланын ширин сөздөрүнө арбалып, алданып калгам. Анын ар бир сөзүнө ишенип, ага турмушка чыгам дегем. Бирок, мен ойлогондой болбоду.

Карамана албай, намысымдан ажырадым. Көрсө, мага дүүлүктүрүүчү дары берип коюптур. Ошондон кийин эркек дегенди көрөйүн деген көзүм жок. Аларга ишенгим да келбейт. 

Болуп өткөн окуяны менден башка эч ким билбегендиктен, колумду сурап үйгө келгендерден баш тартып жаттым. Бир жолу апам каршылыгыма карабай менден 10 жаш уулу бир бала менен тааныштырды. Көңүлү калсын деп жакшы мамиле кылган жокмун. Бир жылдан кийин кайра пайда болуп сүйлөшүп калдык. Кече жакында апамдар мага айтпай кудалап, калыңын алып, тойду белгилеп коюушуптур.

Кыздык тиктирип, алдап тийип алгым келбейт. Ал байкеге ачыгын айтканга күчүм жетпей жатат. Эмне кылсам? Айтсам башкаларга айтып салсачы. Тойго аз калды, акчаларын бекер жумшай электе ачыгын айтып токтотушум керекпи?

Ширин Амантурова, психолог

Кымбаттуум, эң оор абалда экениңди түшүнүп турам. Ишенип жүргөн адамыңдан мындай кадамды күткөн эмессиң.

Ар бирибиз бул жашоодо жаңылабыз. Эң негизгиси ошол кылган кадамдарды убагында түшүнүп, кийинки жашоо үчүн тажрыйба катары пайдалануу керек. Апаңыз менен мамилеңиз жакшы болсо айтканыңыз туура болот. Жаңылганыңызды түшүнүп, убагында токтолупсуз.

“Кыз же кыз эмес” деген талкуу көбүнчө салтты, динди бекем кармаган үй-бүлөлөрдө болот. Сизге үйлөнчү адам, чындыкты туура кабыл алып, кийинки жашоосун сиз менен улантаарына көзүңүз жетсе, ага  ачыгын айтыңыз. Ал жигит сизди чындап сүйсө, өткөн жашооңузга карабай, сиз менен бирге болууга, баардык кыйынчылыкты жеңүүгө даяр болот. Туура чечим  чыгарып, өз бактыңызды табышыңызды каалайм. Бактылуу  болуңуз!

Тамара Воронцова, психолог

Кымбаттуум, жашыңызды жазбаганыңыз өкүнүчтүү экен. Себеби 15 жашта башка, 30 жашта башка кеңеш берилет.

Окуяңыз бүткөн нерсе экен, муну кабыл алыңыз. Эсиңизден чыгарбаңыз, моралдык жактан кандай болсоңуз ошол бойдон калдыңыз, жаман болуп кеткен жоксуз. Жаш жигиттен жоопкерчилик алынбайт, бизде эркектер жаш кезинен кылган иш-аракетине жооп берүүгө үйрөнүшкөн эмес. Өткөн иш-аракеттер боюнча көп ойлоно бербеңиз, себеби кийин өзүңүзгө жооп берүү кыйын болуп калат. 

Жашоодо дагы түрдүү абалдар болот. Курбуларыңызга дагы айтуунун кереги жок. Бүгүн дос болгон адамыңыз, эртең сатып кетиши мүмкүн. Баарынан жакшысы апаңызга айтканыңыз туура болмок. Бирок айрым учурларда эне менен кыздын ортосунда аралык ушунчалык чоң болуп, айыптан башка эч нерсе уга албай каласыз. Эгерде сизде ушундай болсо, эч кимге айтпай, сырды өз ичиңизде сактаганыңыз оң.

Кийинки жашооңуз кандай болоору туралуу психолог менен бирге иш алып барганыңыз туура болот. Эң негизгиси сиз "бакытка татыктуу эмесмин" деп эч ойлобоңуз. Эркектер кыздык белгини үйлөнгөндөн кийин бир күн баалашы мүмкүн, кийин ичип, иштебей, ур-соккугуа алышы да мүмкүн. 

Үй-бүлөлүк жашоо үчүн сиз көп нерсени окуп билишиңиз керек. Мамиле куруунун дипломатиялык жолун, конфликтерди чечүүнү жана башка дегендей. Сизде баары жакшы болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт