Атыма эки машина катталуу. Жөлөкпул алаламбы?
Саламатсызбы! Менин 5 балам бар. Жакында жумуштан кыскартылдым. Жолдошум "разнорабочий". Менин атыма 2 машина катталган. Үйүбүз жок, батирде турабыз. Балдарыма жөлөкпул алсам болобу?
Айкөл Турганбаева
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери
Саламатсызбы! Эгер үй-бүлөдө даярдоочу завод чыгарган жылы 20 жылдан аз эмес колдонуу мөөнөтү болгон, ошондой эле даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо 20 жылдан ашык колдонуу мөөнөтү менен кыймылдаткычы 2000 жана андан ашык куб сантиметрдеги иш көлөмү бар жеңил автомашина (2 же андан ашык литр): трактор, комбайн, автомобиль, оор жүк ташуучу унаа, микроавтобус бар болсо жөлөкпул дайындалбайт.
Эки машина жөн гана сиздин наамыңызга катталуу, бирок өзүңүздө жок болсо, же сатып жиберсеңиз, буларды тастыктаган: корутунду, ишеним кат же соода-сатык документин (купля-продажа) көрсөтүшүңүз керек.
Наамыңызыга катталган эки машина башка бирөөлөрдүн машинасы болуп, жөлөкпул алалбай жүрсөңүз, жашаган жериңиз боюнча шаардык же райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын алдында социалдык суроолор боюнча атайын комиссияга кайрылсаңыз болот. Эгер алар “жөлөкпул чектелсин” деген корутунду чыгарып берсе, жөлөкпул дайындалат. Жөлөкпул чектөөдөн баш тартышса жана бул чечимге макул болбосоңуз, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине кайрылыңыз.