Орусча үйрөнүү үчүн кайсы китептерден баштасам болот? Филолог кеңеш берет
Саламатсызбы. Мен китеп окууну абдан жакшы көрөм. Кыргыз тилиндеги чыгармалардын көбүн окуп чыктым. Эми орус тилиндеги китептерди окусам дейм. Бирок кайсы китептен баштоо керек экенин түшүнбөйм. Кандай кеңеш бересиз? Ошондой эле орус тилин жогорку деңгээлде өздөштүргүм келет, эмне кылсам үйрөнө алам?
Периза Осмонова
Филолог
Саламатчылык. Өз алдынча тил үйрөнүүгө умтулганыңыз мактоого татыктуу. Мен сизге алгач мазмунун жакшы билген чыгармаларды орус тилинде окууну сунуштамакмын.
Мисалы, кыргыз чыгармаларын бир тобун окуп чыктым деп жатасыз. Демек, Чыңгыз Айтматовдун повесттерин окугансыз. Ошол эле чыгармаларды орус тилинде окусаңыз болот, себеби сиз сюжетин жакшы билесиз.
Андан тышкары заманбап кыска окуяларды окуңуз. “Повести кыргызских писателей” – деген эски, бирок аябай кызыктуу жана жакшы жазылган китеп бар. Издеп окуп көрүңүз.
Орус тилин өздөштүрүү боюнча кеңештерди бул жактан окусаңыз болот.
Ийгилик!