Орус тилин үйрөнүү үчүн филологдон 7 реалдуу кеңеш

2019.07.22, 12:59
939

Өнөр алды кызыл тил. Канчалык көп тил билсең, дүйнө таанымың кеңейип, маалымат алуу булактарың көбөйөт. Көп жылдан бери кыргыздарга орусча үйрөтүп келген филолог Периза Осмонова өзүнүн тажрыйбасында колдонгон реалдуу кеңештери менен Bilesinbi.kg’ге бөлүштү.  

  1. Тилди үйрөнүүдө кеп үлгүлөрү аркылуу үйрөнүү кыйла жеңил жана эффективдүүрөөк. Жөн эле сөздөрдү жаттоодон пайда жок. Турмушта колдонуучу кеп үлгүлөрүн/сүйлөмдөрдү эстеп, көбүрөөк колдонууга аракет кылуу зарыл.
  2. Бир кеп үлгүсүн алып, күнүгө 5-10 мүнөт жаттап, түрдүу варианттарда, айтып көрүңүз. Мисалы: Я пойду в школу. Деген сүйлөмдү этиштин чактарын өзгөртүп түзүп көрүңүз.
  • Өткөн чак: Я пошел в школу.
  • Учур чак: Я иду в школу.
  • Келер чак: Я пойду в школу.
  1. Ошондой эле орус тилинде кыргыз тилинен айырмаланып мужской, женский, средний род деген бар. Ошол эле сүйлөмдү род боюнча өзгөртүңүз. Мисалы:
  • Женский род: Я пошла в школу.
  • Мужской род: Я пошел в школу.
  1. Сөздүк дептер ачыңыз. Ал дептерге угуп калган сөздөрдүн синоним, антонимдерин жазыңыз. Мисалы:
  • большая школа – маленькая школа;
  • хорошая погода - плохая погода;
  1. Сүйлөм түзүп көрүңүз. Мисалы:
  • В нашем селе построили большую школу.
  • Раньше школа была маленьая и старая.
  • Сегодня хорошая погода, мы пойдем на озеро.
  • Вчера была плохая погода, поэтому мы не купались в озере.
  1. Орусча ток-шоу, мультфильмдерди көбүрөөк көрүңүз. Ток-шоуда каармандар турмушта колдонуучу жөнөкөй сөздөр менен сүйлөшөт.
  2. Тил үйрөнүүдө күнүгө ал тилде: жазыш керек, окуш керек, угуш керек жана сүйлөш керек. Колдон келсе, ошол тилде көбүрөөк сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз. Андай мүмкүнчүлук жок болсо, күндө күндөлүк толтуруп, бир күнүңөрдү сүрөттөп жазыңыз, үн чыгарып окуңуз. Жазганыңар боюнча суроо берип, кайра жооп кайтарыңыз.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт