// //

Кош бойлуумун, уйкум эле келе берет. Бул нормалдуубу? Гинеколог жооп берет

2019.07.22, 15:32
1716

Саламатсызбы. Учурда 15 жумалык боюмда бар. Аябай көп уктайм. Кээде 11ге чейин көзүм ачылбайт. Зыяны жокпу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.07.2019, 15:32

Машхура Ишмухамедова

Гинеколог

Урматтуу айым. Көп уктаганыңыз сизге да балага да эч зыян алып келбейт. Каалашыңызча уктаңыз, азыркы тапта бул сизге керек.

Уйку басып жатканы, организмде прогестерон гормонунун көп болушуна байланыштуу. Бул гормон бардык кош бойлуу айымдарда болот.

Прогестерон эмбриондун калыптанышына жардам берет. Себеби жаңыдан гана бойго бүткөндө организм түйүлдүктү бөтөн вещество катары кабыл алып, болушунча андан кутулууга аракет кылат. Ал эми гормон сиздин иммундук системаны төмөндөтүп, баланы сактап калат. 3 айдан кийин мындай абал өзү эле жоголот.

Аман-эсен көз жарып алыңыз!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт