// //

Кайын энемдин алимент доолаганга укугу барбы? Юрист жооп берет

2019.07.20, 11:12
1415

Саламатсызбы! Менде эки суроо бар эле.

1. ЗАГС жок болсо да алиментке берсе болобу?

2. Биринчи никемдеги 5-класс баламды кайын энем багат. Аялым алиментке арыз таштап коюп, Россияга кетип калыптыр. Сот аткаруучулар чакырганынын барсам, канча жылдан бери төлөнбөй жүрө берип аябай көбөйүп кетиптир. Алиментти балдызым менен кайын энем доолап жатат? Алар буга укуктуубу?

Азыркы турмушуман  беш балам бар. Аялым экөөбүз тең иштебейбиз, балдарга жөлөкпул алабыз. Сотко чакырып, акча сурай берип тажатышты. Өзүм араң жашап жүрөм. Эмне кылсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.07.2019, 11:14

Нурислам Раимжанов

Юрист

Саламатсызбы!

1. Эгер балаңыздын туулгандыгы туралуу күбөлүгүнүн атасы деген графасында сиздин аты-жөнүңүз жазылса, ЗАГС жок болсо да алиментке берсе болот.

2. Мыйзам боюнча, алимент сотко кайрылган күндөн тартып бала бойго жеткенге чейин өндүрүлөт, тактап айтканда 18-жашка толгонго чейин, бир бала үчүн сиздин тапкан акчаңыздын же дагы башка кирешеңиздин төрттөн бир өлчөмүндөгү алимент өндүрүлөт.

Жумушуңуздун жоктугу алимент төлөбөй коюуга негиз болбойт. Анткени Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 86-беренесинин 4-бөлүмүндө “Эмгек акынын жана (же) колдо кирешенин жоктугу балдарды багуу боюнча милдеттерден ата-энени бошотпойт жана ал белгиленген өлчөмдө алимент төлөө үчүн каражатты өз алдынча издеп табууга, ошол жердеги орточо эмгек акынын өлчөмүнө жараша же алиментти кыймылдуу, болбосо кыймылсыз мүлк же балага же балдарга барабар үлүштөрдө менчигине берүү жолу менен анын бөлүгү менен жаап берүүгө милдеттүү” деп көрсөтүгөн.

Сиз, “Аялым Россияда болсо, кайын энем менен балдызым алимент доолаганга укугу барбы?” деп сурап жатасыз, балким, аялыңыз балдызыңыз менен кайын энеңизге ишеним кат таштап кеткен. Ошондуктан алар сурап жатат.

Эми жалпысынан сурооңузга жооп бере кетсем, алименттин суммасын азайтса болот. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодексинин 124-беренесинин 1-бөлүмүндө “Эгерде алимент төлөө жөнүндө макулдашууга келе албай, сот тартибинде алименттин өлчөмү белгиленгенден кийин тараптардын бирөөсүнүн материалдык же үй-бүлөлүк абалы өзгөрүлсө, сот тараптардын кимисинин талабы боюнча болбосун, алименттин белгиленген өлчөмүн өзгөртүүгө же алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын талабы боюнча аны төлөөдөн бошотууга укуктуу. Алименттин өлчөмүн өзгөрткөндө же аны төлөөдөн бошоткондо сот ошондой эле тараптардын көңүл буруусуна арзыган башка кызыкчылыктарды да эске алууга укуктуу” деп көрсөтүлгөн.

Демек, сиз алименттин өлчөмүн өзгөртүү же аны төлөөдөн бошотуу үчүн сотко доо арыз менен кайрылууңуз керек. Жакшылап көңүл бурган болсоңуз мыйзамда “тараптардын бирөөсүнүн материалдык же үйбүлөлүк абалы өзгөрүлсө” деп турат, бүгүнкү күндө сиздин беш балалуу болгондугуңуз алименттин өлчөмүн азайтууга же бошотууга негиз болот деп эсептеймин. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт