// //

Кыз эмес экенимди жигитиме айтышым керекпи, же жашырып эле койгон туурабы?

2019.07.16, 15:59
3485

Мындан 2 жыл мурун сүйлөшүп жүргөн жигитим менен үйлөнөбүз деп жүрүп, күндөрдүн биринде жатып алганбыз. Мен анын сүйүүсүнө ишенгем. Кийин таарынышып кетип, көп өтпөй башка кыз менен жүрүп алды. Андан кийин ошого үйлөндү.

Мен жалгыз калгам. Жаратканым насип кылып, ыймандуу, билимдүү сөзүнө бек турган жигит менен тааныштым. Ата-энесин сыйлаган, урматтаган, намыскөй бала.

Үйлөнөлү деп сөз айтып жатат. Мен кыз эмес экенимди айта албай жүрөм. Азыр айтканым туурабы? Же жашырып коюш керекпи?

Намыс жөнүндө сүйлөшсөк эле ичимен өзүмдү жемелеп, кыйналам.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.07.2019, 16:01

Эльвира Чокоева

Психолог

Кутман күн!

Алгачкы жыныстык акт башка жигитиңиз менен болгонунда сиздин күнөөңүз жок. Бардыгы эки тараптын макулдугу менен болду. Демек, экөөңөр тең бул кадам үчүн жооптусуңар. Үйлөнөлу деп жаткансыңар, бирок жашоодо бардыгы биз пландагандай боло бербейт.

Азыркы кырдаалда жигитке айтуу керек же кереги жок экенин сиз өзүңүз кана чечесиз. Буга башка эч ким кийлигише албайт.

Чечим чыгаруунун эки варианты бар:

  1. Жигитиңизге мурунку мамилеңиз тууралуу айтып бересиз. Ачууланып, сизден көңүлү калганын айтаарына даяр болосуз.

Эгер жигитиңиз сиз менен бирге болууну чечсе, кайрадан бардыгын нөлдөн баштап, эч нерсени жашырбай, таза жана чынчыл мамилени баштайсыз.

  1. Эс нерсе айтпайсыз. Бардыгын ошо бойдон калтырасыз. Биринчи жолку физикалык контакт болгондо сөзсүз эле кан боло бербейт. Ошол позицияны карманасыз.

Бирок мындай сырлар, бири-бириңерге ишенип, ачык жана бекем мамиле курүуга тоскоолдук жаратат.

Ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
А
Аноним
20.07.2019, 15:04

Дагы бир псевдопсихолог го бул. Кыз эмес болсон, озун куноолуусун. Оз конулун менен кыздыгыны белек кылгансын. Эми жигиттин башын айлантпай ачыгын айт.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт