// //

Жездем зордуктап койду

2018.09.20, 12:10
21249

Похожее изображение

Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Эжем, иним жана мен.

Мектепти бүткөндөн кийин эжемди коңшу айылга алып качып кетти. Билишимче ал жигитти жактурчу эмес, бирок, апамдар барып олтургузуп койду. Бир айдай айылда болуп, кийин шаарга кетишти.

9-классты аяктаганда жээндүү болдум. Апамдар “Эжеңдин баласын карашып, жардам берип кел. Жездең жумушунан үйгө токтобойт экен” , - деп каникул башталганда шаарга жөнөттү.

Жездем сулуу чумак, боюу узун, сүрдүү болчу. Ачылып деле сүйлөшчү эмеспиз. Бир ай дегенде бири-бирибизге көнүп, кечки тамакты шаңдуу ичип калдык.

Жатаарда чайканып алайын деп душка киргем. Бир маалда эшикти жездем ачып жиберсе болобу. Чоочуп кетип кыйкырып жибердим. Ошондон кийин көзүнө карай албай уялып жүрдүм.

Бир күнү түнү менен эжемдин баласы температура болуп ыйлап чыкты. Эртеси ооруканга алып барса “үч күндөй жатып, укол алгыла” дептир. 

Кечки тамакты жездем экөөбүз чогуу ичтик. Дасторкондун үстүн жыйнап, кино көрүп олтургам. Түнкү 12лерде жездем бөлмөсүнөн чыгып “Апей дагы эле уктабай жатасыңбы? Бул эмне кино экен?” деп жаныма келди. Бир маалда “Жигитиң барбы? Сага кандай балдар жагат?”- деп ыңгайсыз суроолорду бере баштады. Жооп бергенден уялып, телевизорду өчүрдүм да “Жакшы жатыңыз, уктайлы. Эртең эрте эжеме тамак алып барам”, - дедим. Бөлмөсүнө кирип кетти.

Жаман оюм жок уйкуга кирдим. Ысып ойгонуп кеттим, бирөө жанымда жатат. “Жезде, бул эмен кылганыңыз? Туруңуз, уят эмеспи, эжеме айтам” дегиче болбой оозумду басып, зордуктап салды. Таң атканча ыйладым, зордукчуну каргадым. Эч нерсе болбогондой душка түшүп алып, жумушуна кетти.

Кийимдеримди салыштырып, авто бекетке жеткенде эжеме чалып, айылга кетип жатканымды айттым. “Эмнеге кетесиң? Окууңдун башталышына дагы 10 күн барго. Жездең экөөбүз чогуу жеткирип келмекпиз” деген сөздөрүн укпай эле жолго чыктым.

Жолду карай көзүмдөн жаш токтогон жок. “Апей, сентябрда келем деп жатпадың беле, эмне эрте эле келип алдың”, - деп апам тосуп чыкты. Эч нерсе болбогондой жылмайып гана кутулдум.

Арадан бир нече убакыт өттү. Эми келечегим эмне болот? Мени ким жубайлыкка алат? Жездем зордуктап салган десем ишенишеби? Эжеме ачыгын айтсам кандай болот? Бирок мен үчүн үй-бүлөсүнүн бузулушун каалабайм. Мага кеңеш бериңиздерчи!

Гүлмира Молдокулова, психолог:

Жездең жасаган нерсе бул “ кылмыш ” деп эсептелинет. Менин сунушум апаңа, эжеңе айтканың туура болот. Анткени бул адам бир жолу жаман ишти кылгандан кийин, дагы кайталаса эмне болот? Сенден башка өзүнүн, туугандардын же болбосо кошунанын кыздары сен кабылган абалга туш келип калышы толук ыктымал. Ошондуктан айтып бетин ачуу керек. 

Темирбек Камчыбек уулу, аймактык инспектор:

Сага күч колдонулган болсо, аймактык милицияга арыз менен кайрылсаң болот. Үстүнөн “зордуктоо” боюнча кылмыш иши жүргүзүлөт, далил болуусу абзел. Мындай нерсени убагында ойлонуп милицияга кайрылышың керек болчу. Арадан канча убакыт өттү? Көп убакыт өтүп кетсе далилдеп берүү оор болуп калат. Кечиктербе, тезинен апаңдарга айтып, укук коргоо органдарына кайрыл. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт