Сиңдим 14 жашта. Дагы деле сийип коет. Психолог энурезди даарылайбы?
Саламатсызбы. Сиңдим 14 жашта. Дагы деле кечинде сийип коет. Уйкусу аябай катуу, ойготсок деле даараткананын алдында туруп, кайра келет дагы төшөккө кое берет. Баарын кылып көрдүк, ийне да сайдырдык, кыргызча дагы. Жардам берген жок. Психологго алып барып көр, деп кеңеш берип жатышат. Алар энурезден дарылайбы?
Асель Баимбетова
Психолог
Энурездин себептери түрдүү болот. Себебине жараша ар башка адистер дарылашат. Мисалы, невропатологго барып неврологиялык себептерин изилдеп көрүшүңуз керек. Эгер дарыгер бардыгы жайында деп корутунду чыгарса, андан кийин психиатрга көрүнүү зарыл. Психиатр психологиялык жактан кандай мүчүлүштүктөр бар экенин көрөт. Ал жактан да бардыгы таза болуп чыкса, андан кийин гана психологго келсеңиз болот. Психолог соматикалык себептери менен иштейт.
Соматикалык оорулар – бул физикалык жактан организмдеги терс өзгөрүүлөр, анын себеби психологияолык травма же катуу стресс.
Психологияда мындай түшүнүк бар, эгер ата-энеси баласына кичине кезинен баштап ыйлаба деп урушуп, ыйын көрсөтүүгө тыюу салса, балада энурез пайда болот. Башкача айтканда ал өзүнүн стрессин башка жол аркылуу чыгарат.
Менин тажрыйбамда мындай бир окуя болгон: бала көп жылдан бери энурез дартынан айыга албай келген. Кийин түрк лицейине окууга өткөндөн кийин энурез өзунөн өзү жок болгон. Башкача айтканда баланын психикасына таасир эткен чөйрөдөн кеткенде оору токтогон.
Саламатсызбы менин суроом 5-6жыл мурун атам машинасын саткан эле алыс тууганына ошол убакта расписка жаздырбайле саткан экен папам бир жыл жыл мурун каза болуп калды биз машинанын акчасын ондуро албай жатабыз ушул куздо берём деп бербей жатат улам эле не чара корсок болот?айлабыз кетти