// //

3 уулдун апасы өзүнүн болочок келиндерине кат жазды

2019.07.06, 17:12
3138

Жашоо көрсөткөндөй кайын эне менен келиндердин ортосундагы мамилени жакшы деп айтуу оор. Ар бир кайын эне келин болгон, ар бир келин кайын эне болот. Америкалык блоггер, 3 уулдун апасы Рэйчел Боули өзүнүн баракчасында болочок келиндерине кат жазган. Катты окуган көпчүлүк аялдардан жылуу комментарийдерди алган. Bilesinbi.kg да анын катын жарыялайт. Кайын эне - келин мамилесин бир аз болсо да жакшыртууга жардам берет деген ниеттебиз.

Кимдир бирөө менден келечекте ууларыңды кандай элестетесиң деп сурап калды. Мен бул тууралуу күндө ойлоном. Уулдарымды кичинекей бала катары кабыл алам. Бирок мен балдарымдын чыныгы мырза болушун каалайм. Менин негизги максатым, аларды жоопкерчиликтүү, боорукер жана күчтүү адам кылып тарбиялоо.

Демек...

Урматтуу менин болочок келиним, мен сени азырынча билбейм, балким сен төрөло да элексиң, бирок мен сени жакшы көрөм. Себеби, качандыр бир мезгилде, сен менин уулумдун колун кармап, жүрөгүңдү ага арнайсың. Ал да сени тандайт, сени сүйөт.

Бир күнү ал менин эмес, сенин жылуу кучагыңда болот. Сенин көздөрүңдү карап, жан дүйнөсү жай табат, сенин жүрөгүң анын түнөгүнө айланат. Сени менен кыялданат, келечекке план түзөт, түпкүрүндөгү сырлары менен бөлүшөт. Алынан тайып турганда сенден колдоо издейт.

Бир күнү мунун бардыгын мен эмес, сен жасайсың...

Ага чейин уулум чалынат, жыгылат, мүдүрүлөт, утулат. Тизесин күүп, айланчыктайм. Жашоонун бардык түстөрүн айтып берем, адам катары түптөлүшүнө салым кошом.

Биле жүр, мен сени көрө элек болсом да, ар дайым сенин сак-саламатта болушуңуду тилейм. Ата-энең мээримге бөлөп, ар дайым колдоп, сыймыктанып, суктанып, өзүнө-өзү ишенген айым кылып тарбияласа экен, деп тиленем. Себеби өзүн сүйгөн жана сыйлаган адам гана башканы сүйүп, сыйлай алат. Бирок кандайдыр бир себептерге байланыштуу сенин тагдырың башкача болуп калса деле, эсиңде болсун, сен чыныгы ханбийкесиң.

Ал сени тандайт, а мен ар дайым анын тандоосун кабыл алам, жана анын чечимин сыйлайм.  

Мен дагы көп ката кетирем, ошентсе да уулумду аял затын сыйлаган мырза кылып тарбиялаганга аракет кылам.

Анын мүнөзү, кыялы жана кылык-жоруктары үчүн толугу менен жоопкерчилик ала-албайм. Бирок, келинчегине жана үй-бүлөсүнө жоопкерчиликтүү мамилее кылууга үйрөтөм. Келечектеги бактыңар, бакубат жашооңор силердин гана колуңарда. Аны бирге курасыңар.

Экөөңөр бир бүтүндү түзгөн эки бөлүкчө эмессиңер. Ар бириңер өз алдынча инсансыңар.

Сен менин үй-бүлөмө кошулганда, өзүмдүн билгендерим менен бөлүшөм. Уулумдун жүрөгүн сага ишенип берем. Суранам, этият бол. Уулумдун кызыкчылыктарын, өзгөчөлүктөрүн, өз алдынчалыгын сыйлап, кабыл алганды бил.

Мен да ага, аял затын сыйлаганды жана аяр мамиле кылганды үйрөтөм. Убада берем, сен да бирөөнүн кудайдан тилеп алган баласы экениң ар дайым анын эсинде болот.

Күндөрдүн биринде сен анын мүнөзүн менден да жакшы билип каласың. Бири-бириңерди колдогула, бири-бириңерге жөлөк болгула.

Экөөбүз жолугуша турган күнду чыдамсыздык менен күтөм. Себеби, бул уулум өз бактысын тапты, дегенди билдирет. Кубанычым койнума батпай кучактайм. Келечекте жар болуу, эне болуу бакытына бөлөнөсүң, даамын татасың. Силерге өмүр тилейм.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт