// //

Келинчегим жыныстык катнашка баргысы келбейт. Эмне кылышым керек?

2019.07.03, 14:15
4757

Bilesinbi.kg’ге жакында эле үйлөнүп, бирок келинчеги жыныстык катнашты каалайбай жатканын айтып кайрылган мырзалар көп. Биз алардын суроолорун чогултуп адистерден жооп алып бердик (аттары өзгөртүлгөн).

Бакыт, 21 жаш

Үйлөнгөнүмө бир ай болду. Аялым экөөбүздүн никебиз кыйылгандан бери кошула элекпиз. Ооруйт деп ыйлактайт. Эмнеге мындай?

Жакшылык, 20 жаш

Үйлөнгөнүмө 10 күндөн ашты. Аялым эч эле төшөк маселесине көнбөй койду. Нике түнү гана жаттык. Андан бери катнаш болгон жок. Айызы деле келбей эле экен. Эмне кылышым керек?

Канат, 24 жаш

Жакында эле үйлөндүм. Аялым менен күнүгө кошулууну каалайм, ал болсо жок. Чарчадым, уйкум келип жатат, оорутуп атат, деп түрдүү шылтоолорду айтат.

Светлана Коздрович, гинеколог

Урматтуу мырзалар! Куш бооңор бек болсун. Бардыгыңарды эркектин жана аялдын организми тууралуу көбүрөөк окуп, билип алууга чакырам.  

Аялдын жыныстык катнаштан баш тартуунун себептери түрдүү болушу мүмкүн. Жаңыдан башталган жыныстык жашоо, аялдар үчүн ооруксунуу, жагымсыз сезимдер менен коштолот. Физикалык жактан денеси ооруп, моралдык жактан кадимкидей стресс болушат. Жыныстык катнаш, жагымдуу жана эки тарапка тең ырахат алып келүүсү үчүн убакыт, мырзанын сабырдуулугу жана келинчегине аяр мамиле жасоосу талап кылынат. Бирок бир нече шарттары бар:

  • ортоңордо сүйүү сезими болушу керек;
  • никеңер экөөңөрдүн тең макулдугуңар жана каалооңордун негизинде кыйылып жатат.

Ошондой эле, биринчи жыныстык катнаш орой болсо кыздарда коркуу сезими пайда болот, анын негизинде жыныс кынынын булчуңдары карышып калат. Бул ооруксунууну ого бетер күчөтөт. Мындай абал вагинизм – деп аталат.

Андан тышкары, аялда кандайдыр бир гинекологиялык оору бар болушу мүмкүн. Өзүнөн акырын сурап, чыныгы себебин аныктаңыз. Зарылчылык пайда болсо дарыгерге кайрылыңыз.

Эльвира Чокоева, психолог

Кутман күн!

Жаңыдан баш кошкондордун мамилеси ысык болуп, мүмкүн болушунча көбүрөөк жыныстык катнашка барууну каалашат. Өзгөчө нике кыйылганга чейин жакындыкка барбаган учурда. Кыздар үчүн алардын биринчи жолку тажрыйбасы абдан маанилүү. Кийинки интимдик жашоосу сиздин колдоо көрсөтүүңүздөн жана тушүнүү менен кабыл алууңуздан көз каранды.

Эгер ар дайым эле демилгени сиз баштап, андан жакындыкты талап кыла берсеңиз, келинчегиңиз үчүн секс оору, жагымсыз милдет жана жийиркенүү сезими менен ассоциацияланып калат.

Баарыбызга белгилүү болгондой, айымдар кулагы менен жакшы көрүшөт. Көбүрөөк эркелетип, кучактап, жылуу сөздөрүңүздү айтыңыз. Комплимент жасап, айтып туруудан тартынбаңыз. Сен сулуусуң, акылдуусуң, мага жылмайганың жагат, тамагыңа рахмат, даамду болуптур, көздөрүң күйүп турат, мен сени менен бактылуумун ж.б.

Аялыңыздын көңүлүн алыңыз, тамашалап күлдүрүңүз, эмнени каалап жатканын же сизден кандай жардам керек экенин сураңыз.

Эгер аялыңызга аяр мамиле кылсаңыз ал бара-бара сексуалдык жашоонун ырахатын түшүнөт. Мындай көйгөйлөр өзүнөн-өзү жок болот. Сабырдуу болуңуз, күтө билиңиз.

Үй-бүлөлүк жашооңузга бакыт каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт