// //

Энурез-табарсыктын боштугу

2018.01.29, 17:43
10265

Энурез-түнкүсүн уктап жатып заара ушатып коюу. Көбүнчө балдарда байкалган оорунун келип чыгуу себептери, түрлөрү жана дарылоо жолдору туралуу улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Азизбек Абдырасулов менен маектештик.

Азизбек мырза айтсаңыз, энурез деген кандай дарт?

Энурез-түндө уктап жатканда билбестиктен төшөккө заара ушатып коюу. Организимдин баарын, анын ичинде табарсыкты дагы нерв системасы башкарып турат. Андыктан оору нерв системасынын толук калыптана электигинен пайда болот. Көбүнчө 5 жаштан кийинки балдарда байкалат. Энурезге чалдыккандардын 95 пайызы түнкүсүн заарасын кармай албагандар. Нерв системасынын калыпка келиши менен оору өзү өтүп кетет.

Пайда болуу себептерине токтоло кетсеңиз?

Энурездин пайда болуусуна эмоциянын таасири чоң. Эгерда ата-эне баланы көп урушуп, ур-токмокко алса, бала көп ачууланып, кайгырса, стресс болсо түнкүсүн заарасын кармай албай, энурезге чалдыгат. Ошондой эле антидиуретикалык гормондун туура эмес иштелип чыгышы, түрдүү инфекциялар, урологиялык жана нерв системасынын оорулары энурезди пайда кылат. Ошондуктан ата-эне баласын урушпай өстүрүп, оору байкалса дарыгерге баруу керек.

Энурез дарты тукум кууйбу?

Ар бир адам төрөлгөндө эле бул ооруга жакын болот. Болгону кээ бирөөндө байкалбайт. Эгерде ата-энесинин бирөөсүндө энурез болгон болсо, анда баласынын дартка чалдыгаарына мүмкүнчүлүк бар. Эгерде экөөндө тең болсо, анда бала сөзсүз энурез менен ооруйт.

Энурездин кандай түрлөрү бар?

Энурездин 3 формасы болот. Жеңилирээги жумасына 1-2 жолу, орточосу күн алыс жана оор түрү күнүгө төшөккө заарасын кое бергендер.

Бала төшөккө заарасын ушатканда ата-энелердин айрымдары молдолорго кайрылып, окутушат. Бул туурабы?

Молдолорго алып барса болот, бирок биз аны сунуштабайт элек. Себеби ал нерсе баланын психикасына кандай таасир берээрин, айыгып кетеби же жокпу билбейбиз. Андыктан энурез байкалса дарыгерге кайрылган туура.

Өз алдынча арылса болобу?

Башында айткандай бул функционалдык бузулуудан келип чыккан оору болгондуктан, өз алдынча рефлексти иштетип арылса болот. Энурез андай деле коркунучтуу эмес, убагы кегенде өзү эле кетип калат. Болгону сабырдуулук жана чыдамкайлык керек.

Төмөнкү эрежелер жардам болуп бере алат:

  • Эгерде кичине балада байкалса, бала күндүз дааратканага баргысы келгенде 5-10 мүнөт токтотуп коюу керек. Бала өзү табарсыгын кармаганга аракет кылганда, нерв системасы тарабынан табарсыктын иштеши көзөмөлдөнөт.
  • Жатаар алдында суюктуктарды аз ичүү керек.
  • Эгерде энурезге чалдыккан адам түнкүсүн 9да уктаса аны 11де толук ойгонгондой кылып тургузуп, дааратканага алып барыш керек. Ошондо рефлекс ойгонот. Бул нерсени 1-2 ай кайталап, кайра 11де эмес 12де ойготуп, улам-улам алдыга жылдыра берүү зарыл. Жыйынтыгында рефлекс пайда болуп, энурез жоголуп кетет.
  • Календар түзүп коюп, түнкүсүн төшөккө заара ушатпаган күндөрүн белгилеп, азайып калды деп оптимистик көз караш менен кароо дагы жардам берет.
  • Эмоцияны көзөмөлдөө, жаш балдарды көп урушпоо.
  • Эгерде бул нерселер такыр жардам бербесе дарыгерге кайрылуу керек. Ал бейтаптын салмагына, оорусунун түрүнө карата дарылоо курсун жазып берет.
  • Энурез коркунучтуу эмес экендигин, убагы келгенде өтүп кетээрин эстен чыгарбоо.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт